# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин колдонуу, токтотуу, эсепке алуу жана жарыялоо маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин колдонуу, токтотуу, эсепке алуу жана жарыялоо маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 747
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47874/edition/42585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин колдонуу, токтотуу, эсепке алуу жана жарыялоо маселелери жөнүндө" токтому (20.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036286

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 20-ноябры № 747

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин колдонуу, токтотуу, эсепке алуу жана жарыялоо маселелери жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24, 26, 27, 29, 40-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши, колдонулушун токтотуп туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө билдирүүнүн, ошондой эле аларды жарыялоонун тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 24 “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, колдонулушу жана токтотуу, ошондой эле аларды мамлекеттик каттоо жана жарыялоо маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
