# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2025-жылдын 16-октябрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын калкына медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2025-жылдын 16-октябрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын калкына медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 672
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47872/edition/42579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2025-жылдын 16-октябрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын калкына медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (16.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036282

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 16-октябры № 672

Кыргыз Республикасынын калкына медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо көрсөтүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын калкына медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо көрсөтүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги белгиленген тартипте алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтом тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген штаттык бирдиктеринин жана тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
