# Сүлүктү шаардык кенешинин 23025-жылдын 28-ноябрындагы №01-5/53 "Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кенешинин 23025-жылдын 28-ноябрындагы №01-5/53 "Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/53
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47860/edition/42563/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кенешинин 23025-жылдын 28-ноябрындагы №01-5/53 "Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (28.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036266

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз1Х сессиясы

2025-жылдын 28-ноябры № 01-5/53 Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө

Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлѳрдү ташууга тарифтерди бекитүү жѳнүндѳ шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 11-1 пунктун, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы №519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун Эрежелеринин 166 беренесин жетекчиликке алып Сүлүктү шаардык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын ичинде Товарная - Кош Булак маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.

-Улууларга – 30 (отуз) сом -7 жаштан жогорку курактагы балдар үчүн 20 (жыйырма) сом.

2. Бул токтом расмий булактарга жарыялансын ( мэриянын жана шаардык кеӊештин расмий сайтында, шахтер жолу гезитинде).

3. Жооптуу катчы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областтык юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.

4. Маршруттук каттамдардын техникалык, санитардык абалын талапка ылайык болуусун камсыз кылуу жагы “Тулпар” ЖЧКнун директору Т.Каюмовго милдеттендирилсин;

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.А.Абдуназаров
