# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 837
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47821/edition/42511/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 837 “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө" токтому (26.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036219

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 26-декабры № 837

“Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби жөнүндө

“Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1)-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 634 “Товардык белгилерде, тейлөө белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында “Манас” терминин жана анын негизинде келип чыккан сөздөрдү жана сөз айкаштарын пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2)-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 103 (3760) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
