# КР Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасында Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасында Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10997/edition/42468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасында Элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы (15.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036178

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 15-декабры № 363

Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Каир шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилиги уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санынын чегин 5 бирдикке көбөйтсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Мисир Араб Республикасындагы Элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
