# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 834
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47783/edition/42449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому (25.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036163

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-декабры № 834

“Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө

“Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 “Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген заказчы-куруучуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш”, “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканаларына карата колдонулат.”.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясы” мамлекеттик ишканасынын уставында:

– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 141-пунктча менен толукталсын:

“141) белгиленген тартипте өз милдеттенмелеринин бир бөлүгүн аткарууга башка жактарды (субподрядчыларды) тартууга;”;

– 20-пункттун 2-пунктчасында “мамлекеттик заказды” деген сөздөр “мамлекеттик жана муниципалдык заказдарды” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
