# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабры № 833 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабры № 833 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 833
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47762/edition/44459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабры № 833 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу жөнүндө" токтому (25.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036140

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-декабры № 833

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу жөнүндө

Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын жогорулатуу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 26-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө сунуштарды түзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын илимий-техникалык кеңеши жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун кошпогондо (макулдашуу боюнча), министрликтер, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органдары:

1) контролдук цифралардын алкагында негизги иши боюнча илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, долбоорлоо-изилдөө жана башка илимий-техникалык иштерди жүргүзүүгө борбордук аппараттардын жылдык бюджеттик жана атайын каражаттарынын бир пайызын жыл сайын бөлүүнү карасын;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
