# Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 токтому менен бекитилди)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 токтому менен бекитилди)
- Актынын түрү: Нормативы
- Номери: 743
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/39-38/edition/42416/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 токтому менен бекитилди) (18.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036131

---

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 743 токтому менен бекитилди)

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдери

(сом)

Чыгымдардын багыты

Балдардын болуу узактыгына жараша мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МБУ)

3 сааттык (өз алдынча МБУ жана МБУнун/ билим берүү уюмунун алдындагы)

10-24 сааттык

1 балага

1 топко

1 балага

1 топко

Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатуу жана инфраструктураны, имараттарды жана жайларды кармоо чыгымдары

132

3 910

132

3 960

анын ичинде төмөнкүлөргө чыгымдар:

педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатуу

10

250

10

300

чарбалык-тиричилик керектөөлөрү

64

1 920

64

1 920

учурдагы оңдоо

58

1 740

58

1 740

1 балага бардык чыгымдар

132

3 910

132

3 960

Типтүү ченемдер ушул Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдеринин тиркемесинде келтирилген Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасына ылайык эсептелген.

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн айына бир балага/топко эсептелген каржылоонун типтүү ченемдерине тиркеме

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасы

## 1-глава. Жалпы жоболор

## 2-глава. Ченемдин түзүмү

## 3-глава. Ченемди эсептөө

## 4-глава. Ченемди эсептөө

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасында колдонулган ыкманын негизи мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бир балага/топко эсептелген бюджетин пландоо болуп саналат.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ченеми (мындан ары - ченем) – «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу.

3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарынын ченемдеринин наркын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 158 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомдору менен бекитилген ченемдер колдонулат.

## 2-глава. Ченемдин түзүмү

4. Ченем мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын төмөнкүдөй учурдагы чыгымдарын камтыйт:

1) педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга;

2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоого.

5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык персоналынын квалификациясын жогорулатуу чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

6. Бала багууга ченем ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен төлөнөт, ал төмөнкүлөрдү сатып алууга кеткен чыгымдарды эске алат:

1) канцелярия буюмдарын жана оюнчуктарды;

2) жеке гигиена каражаттарын.

7. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоо имараттардын жана жайлардын менчик ээсинин функциясы болуп саналат. Ченем төмөнкүлөргө чыгымдарды эске алат:

1) чарбалык-тиричилик керектөөлөрүнө;

2) жайларды учурдагы оңдоого.

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр ченемге киргизилбейт жана иш жүзүндөгү керектөөгө жараша жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат.

8. Ченемди эсептөө төмөнкүлөрдүн негизинде аныкталат:

1) балдардын жашы боюнча топторунун:

- 1 жаштан 3 жашка чейинки курактагы балдардын ясли топтору;

- 3 жаштагы жана андан жогорку курактагы балдардын мектепке чейинки топтору;

2) балдардын болуу узактыгынын - 5 күндүк иш жумасында 3 саат, 10 саат жана 24 саат.

## 3-глава. Ченемди эсептөө

1. Педагогикалык персоналдын квалификациясын

жогорулатуу чыгымдарын каржылоо ченемин эсептөө

9. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык персоналынын квалификациясын жогорулатуунун мезгилдүүлүгү 5 жылда бир жолу аныкталган.

10. Иш сапардык чыгымдар бир педагогго эсептелген жол кирени жана жашоо чыгымдарын камтыйт.

11. Бир балага ченем бардык педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга кеткен чыгымдардын суммасын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын санына бөлүү менен аныкталат (1-таблица).

1-таблица

Бир балага эсептелген педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдар

№

Чыгымдардын түрлөрү

Чыгымдар (сом)

Саны

Бардыгы (сом)

1

Жол кире

480

2

960

2

Суткалык

600

10

6 000

3

Жашоо

700

10

7 000

4

Бир кызматкерге жалпы

13 960

5

МБУнун педагогдорунун саны

9 454

6

Квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн МБУнун педагогдорунун саны, бир жылда

1 890

7

Педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жалпы чыгымдар (миң сом)

26 395,6

8

Мамлекеттик жана муниципалдык МБУга барган балдардын саны

215 967

9

Жылына бир балага педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоо ченеми (сом)

121

10

Айына бир балага педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоо ченеми (сом)

10

12. Бир топко эсептелген каржылоо ченеми 11-пунктка ылайык 1 балага ченемди мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдардын болуу узактыгына жараша топтун чектүү толушуна көбөйтүү менен аныкталат (2-таблица).

2-таблица

№

Балдардын болуу узактыгы

Бир айда педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатуунун 1 топко карата чыгымдарынын ченеми (сом)

1

3 саат

250

2

10 саат, 24 саат

300

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын

инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоого чыгымдарды каржылоо ченемдерин эсептөө

§ 1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чарбалык-тиричилик керектөөлөрүнө чыгымдарды каржылоо ченемин эсептөө

13. Чарбалык-тиричилик керектөөлөрүнө чыгымдарды каржылоонун ченеми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жылына бир топко чарбалык товарларды, жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алуу чыгымдарын камтыйт (3-таблица).

3-таблица

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тобунун чарбалык-тиричилик керектөөлөрүнө чыгымдар (сом менен, 2025-жылдагы баалар боюнча)

№

Чыгымдардын түрлөрү

Өлчөө бирдиги

30

кишилик топко жылдагы чыгым

Бирдик үчүн баа

Сумма

1

Кир жуучу порошок

кг

60

75

4 500

2

Жуучу каражат

кг

24

75

1 800

3

Кир самын

даана

60

26

1 560

4

Дезинфекциялоочу каражаттар

литр

100

56

5 600

5

Майда инвентарь

3 600

6

Идиш-аяк жуучу суюктук

литр

24

58

1 370

7

Терезе тазалоочу суюктук

литр

2

85

170

8

Башка чыгымдар

4 440

9

Бардыгы

23 040

14. Балдардын болуу узактыгы 3 саат, 10 саат жана 24 саат болгон мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн айына бир топтун чарбалык-тиричилик керектөөлөрүнө чыгымдар 1 920 сомду, бир балага - 64 сомду түзөт.

§ 2. Жайларды учурдагы оңдоого чыгымдарды каржылоо ченемин эсептөө

15. Жайларды учурдагы оңдоого чыгымдарды каржылоо ченеми мектепке чейинки билим берүү уюмдарын учурдагы оңдоого каражаттарга болгон муктаждыкты бир балага эсептөө менен аныкталат.

16. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын учурдагы оңдоого каражаттарга болгон муктаждык типтүү имараттарда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдары боюнча имараттын долбоордук кубаттуулугун эске алуу менен негизги курулуш материалдарын, коштоочу материалдарды жана инвентарды сатып алуу чыгымдарын калькуляциялоо методу менен аныкталат (4-таблица).

4-таблица

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын учурдагы оңдоого бир балага эсептелген чыгымдар (сом менен, 2025-жылдагы баалар боюнча)

№

Чыгымдардын түрлөрү

Сумма

1

Боекту, акиташты сатып алууга чыгымдар

176 572

2

Коштоочу курулуш материалдарын сатып алууга чыгымдар

12 743

3

Коштоочу инвентарды сатып алууга чыгымдар

5 565

4

Бардык чыгымдар

194 880

5

МБУнун долбоордук кубаттуулугу (балдар)

280

6

Бир балага жылына эсептелген учурдагы оңдоого чыгымдар (сом)

696

17. Балдардын болуу узактыгы - 3 саат, 10 саат жана 24 саат болгон мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн жайларды учурдагы оңдоого чыгымдар айына бир балага 58 сомду, бир топко – 1 740 сомду түзөт.

§ 3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоого чыгымдарды каржылоо ченемин эсептөө

18. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоого чыгымдарды каржылоо ченеми бир балага эсептөө менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:

КЧИЖК = ЧТК + УО,

мында: ЧКИЖК - инфраструктураны, имараттарды жана жайларды кармоого чыгымдарды каржылоо ченеми; ЧТК - ушул Методиканын 30-пунктуна ылайык аныкталуучу чарбалык-тиричилик керектөөлөрүнө чыгымдарды каржылоо ченеми; УО - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жайларын учурдагы оңдоого чыгымдарды бир балага эсептөө менен каржылоо ченеми.

## 4-глава. Ченемди эсептөө

19. Ченем бир балага/топко эсептөө менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:

КЧ = КЧППКЖ + КЧИЖК

мында: КЧ - ченем; КЧППКЖ - билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн педагогикалык персоналынын квалификациясын жогорулатууну каржылоо ченеми; КЧИЖК - инфраструктураны, имараттарды жана жайларды кармоого чыгымдарды каржылоо ченеми.

20. Балдардын болуу узактыгы - 3 саат, 10 саат жана 24 саат болгон бир топко мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо ченемин камсыз кылуу үчүн келерки жылга жергиликтүү бюджеттин каражаттарына болгон муктаждык төмөнкү формула боюнча аныкталат:

,

мында: Мi - келерки жылга i-ошол район (шаар) боюнча ченемди камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттин каражаттарына болгон муктаждык; ТСi - учурдагы жылдын 1-сентябрына карата балдардын - 3 саат, 10 саат жана 24 сааттык болуу узактыгына жараша топтордун саны;

- балдардын - 3 саат, 10 саат жана 24 сааттык болуу узактыгына жараша педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдын ченеми;

КЧИЖК - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын, имараттарын жана жайларын кармоого чыгымдын ченеми; 12 - бир жылдагы айлардын саны.
