# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-декабры № 815 "2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-декабры № 815 "2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 815
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47742/edition/42527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-декабры № 815 "2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (19.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036114

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 19-декабры № 815

2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

– экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Запас нормалары күнүнө төмөндөгү товардык-материалдык баалуулуктар топтору: тамак-аш азыктары, медикаменттер жана таңуучу материалдар, отун, запастык бөлүктөр, чарбалык материалдар жана кеңсе буюмдары, таралар, курулуш материалдары, башка чийки заттар жана материалдар, ветеринардык препараттар, вакциналар, профилактикалык диагностикалык жана жоюу ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө колдонулуучу диагностикалык жана дезинфекциялоочу каражаттар, асыл тукум (генетикалык) материалдар, анын ичинде үрөн материалдары, асыл тукум малдын эмбриондору, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын көбөйтүү, асыл тукумдук сапатын жакшыртуу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон башка биологиялык ресурстар боюнча белгиленет.”;

– жогоруда аталган Нускаманын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

“

Ветеринардык препараттар, вакциналар, профилактикалык диагностикалык жана жоюу ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө колдонулуучу диагностикалык каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар (22171 500)

180

Асыл тукум (генетикалык) материалдар, анын ичинде үрөн материалдары, асыл тукум малдын эмбриондору, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын көбөйтүү, асыл тукумдук сапатын жакшыртуу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон башка биологиялык ресурстар (22171 600)

180

”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
