# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 7-декабрындагы № 167 "№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 7-декабрындагы № 167 "№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4072/edition/42380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036097.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 7-декабрындагы № 167 "№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө" токтому (07.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036097

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-декабры № 167 № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген. № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 75 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 155495 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 44106 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 28,36% түздү. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 40212 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 25,86% түздү. 3894 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,50% түздү. № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 5 талапкерди каттады. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 5 талапкер катышты. № 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Салямова Венера Хамзаевна - 4839 добуш (11,12%);

2. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич - 24302 добуш (55,84%);

3. Камчибекова Нуржамал Матисаковна - 1219 добуш (2,80%);

4. Кылычбаев Алтынбек Таирович - 7447 добуш (17,11%);

5. Калбердиева Мавлюда Калмаматовна - 4605 добуш (10,58%);

6. "Баарына каршы" - 1105 добуш (2,54%).

№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн эмес. № 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:

- Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич;

- Кылычбаев Алтынбек Таирович;

- Салямова Венера Хамзаевна.

4. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Шайназаров
