# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабры № 768 "2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабры № 768 "2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 768
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47703/edition/42329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабры № 768 "2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому (02.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036056

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 2-декабры № 768

2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2030-жылга чейинки мезгилге “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы (мындан ары – Концепция) 1-тиркемеге ылайык;

2) Концепцияны ишке ашыруу боюнча чаралар планы

2-тиркемеге ылайык;

3) Концепцияны ишке ашыруу боюнча индикаторлордун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.

2. Концепцияда жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планында көрсөтүлгөн чараларды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган финансылык ресурстардын, ошондой эле тышкы жана ички инвестициялардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын мэриялары:

1) Концепциянын жоболорун жана аны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылсын;

2) жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Концепцияны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Концепцияны ишке ашыруу боюнча Чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
