# Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 41 "Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 41 "Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47695/edition/42318/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 41 "Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036045

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы 2025-жылдын 17-январы №41 Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 бекитилген типтүү регламентинин негизинде, айылдык кеңештин коопсуздукту сактоо жана суу ресурстары, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, транспорт жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотунун Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бекитилген Регламент Миң-Булак айыл аймагынын аксакалдар сотуна жетекчиликке алуу үчүн жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин коопсуздукту сактоо жана суу ресурстары, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, транспорт жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Асадова А.К.
