# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149 "Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149 "Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4066/edition/42317/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 149 "Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036043

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 19-ноябры № 149 Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15, 31-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 31-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жɵнүндɵ жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-августундагы № 154 "Шайлоочуларды идентификациялоонун тартиби жөнүндө нускама тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын тизмелери маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-августундагы № 154 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды идентификациялоонун тартиби жɵнүндɵ нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Т.Шайназаров
