# Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 39 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 39 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230036030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47685/edition/42304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230036030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 39 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230036030

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы 2025-жылдын 17-январы № 39 Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнунда №1997-III токтому менен бекитилген, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчысы Ф.Р.Абидованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин.

· Жер комиссиясынын курамы - Шамуза Сулейман Харсанович;

· Жер комиссиянын катчысы - Абидова Фарида Рахмановна;

Комиссиянын мүчөлөрү: Алыбеков Бакыт Жумгалбекович – Мин – Булак а/өкмөтүнүн башчысы; Асанов Тагай Талайбекович – а\\кеңештин депутаты; Сатаров Тимур Кашкаевич – а\\кеңештин депутаты; Арбуду Шамиль Керимович– а\\кеңештин депутаты; Муваза Сульмане Хусеевич – а\\кеңештин депутаты; Аматов Равшан Болтонович – а/өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси; Гольман Сергей Львович – коомдук өкүл; Агрардык башкармалыктын өкүлү макулдашуу боюнча.

2. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана анын иш Регламентин бекитүү жөнүндө” №14 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин агрардык жер маселелери, сугатт суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Асадова А.К.
