Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Казакстан элдеринин ассамблеясынын Достук үйүнүн имаратында жайгашкан № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-ноябры № 147 Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Казакстан элдеринин ассамблеясынын Достук үйүнүн имаратында жайгашкан № 9063 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 13-025/23590 сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтому менен бекитилген Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобосуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 131-беренелерин, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Казакстан Республикасынын Атырау облусунун Атырау шаарындагы Казакстан элдеринин ассамблеясынын Достук үйүнүн имаратында жайгашкан № 9063 шайлоо участогунун дареги Б.Кулманов көчөсү, 129дан Шайхы Абишева көчөсү, 97 Ага Маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги № 24 округдук шайлоо комиссиясы менен биргеликте Казакстан Республикасынын Атырау облусунда жашаган шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана № 24 округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Шайназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 "Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу…Постановление · 01.08.2025 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябры ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.09.2025 · № 272