Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «2024-жылдын үчүнчү-төртүнчү кварталына Миң-Булак айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча аткарылган иштер жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин II-кезектеги сессиясы 2025-жылдын 17-январы № 35 2024-жылдын үчүнчү-төртүнчү кварталына Миң-Булак айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча аткарылган иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесине, Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025- жылдын 11-январындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Эликбек кызы Токтобүбүнүн “2024-жылдын үчүнчү-төртүнчү кварталында Миң-Булак айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча аткарылган иштер жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Эликбек кызы Токтобүбүнүн “2024-жылдын үчүнчү-төртүнчү кварталында Миң-Булак айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча аткарылган иштер жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү Миң-Булак айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча керектүү иш чараларын туруктуу негизде өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.
Төрайым
Асадова А.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон