# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябры № 145 "Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябры № 145 "Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4060/edition/42270/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябры № 145 "Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө" токтому (18.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035998

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-ноябры № 145 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча жумушчу топтун 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 6 чечиминин негизинде "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине "Калк Ынтымагы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сарымсакова Мукадасхан Рахмановна киргизилсин.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери тиркемеге ылайык киргизилсин.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Шайназаров
