# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 144 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 144 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035996>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4058/edition/42267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035996.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 144 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому (18.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035996

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-ноябры № 144 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы № 3101 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-главасын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын Ак-Чий айылындагы мурунку айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан № 3101 шайлоо участогунун дареги Жеңиш көчөсү, 22Адан Жеңиш көчөсү, 16га Ж.Ракымов атындагы орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Хан-Теңири айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Шайназаров
