# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 366 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 366 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 366
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230035979/edition/42252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 366 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035979

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 18-декабры ПЖ № 366 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Каржылоо механизмин өркүндөтүү жана каржылоо булактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2) “Акылман” лицейин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт;”;

2) 3-пункттун биринчи абзацы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3757) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
