Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 366 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 «Акылман» президенттик лицейи жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 18-декабры ПЖ № 366 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Каржылоо механизмин өркүндөтүү жана каржылоо булактарын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) “Акылман” лицейин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт;”;
2) 3-пункттун биринчи абзацы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 19-декабрындагы № 100 (3757) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабры ПЖ № 343 ""Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.12.2023 · № 343
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021