# Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 25 "Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 25 "Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47656/edition/42232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035961.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 25 "Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035961

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы 2025-жылдын 17-январы № 25 Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-39 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 88-беренесине, Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Т.Иманалиеванын «Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө маалыматын талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбеков Программага киргизилген иш-чаралардын аткарылышын камсыздасын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

Төрайым

Асадова А.К.
