# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 784 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 784 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 784
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47627/edition/42183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 784 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (08.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035915

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 8-декабры № 784

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекеменин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун 18-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин, 18-тиркемеге ылайык;";

2) жогоруда аталган токтомдун 18-тиркемесинде:

аталышында ", спорт" деген сөздөр алып салынсын;

– 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1

Директор

Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илимдер (анын ичинде тарых жана археология, маданият таануу), педагогикалык билими, экономика жана башкаруу, техникалык илимдер (архитектура жана курулуш), маданият жана искусство, бул чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы же маданият жана искусство чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылык болуп саналат

2

Директордун илим боюнча орун басары

Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: реставрация жана реконструкциялоо, архитектура жана курулуш, гуманитардык илимдер (анын ичинде тарых жана археология, маданият таануу), адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылык болуп саналат

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
