Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 „Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 784
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекеменин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 18-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту" мекемесинин, 18-тиркемеге ылайык;";
2) жогоруда аталган токтомдун 18-тиркемесинде:
аталышында ", спорт" деген сөздөр алып салынсын;
– 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1
Директор
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илимдер (анын ичинде тарых жана археология, маданият таануу), педагогикалык билими, экономика жана башкаруу, техникалык илимдер (архитектура жана курулуш), маданият жана искусство, бул чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы же маданият жана искусство чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылык болуп саналат
2
Директордун илим боюнча орун басары
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: реставрация жана реконструкциялоо, архитектура жана курулуш, гуманитардык илимдер (анын ичинде тарых жана археология, маданият таануу), адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы. Окумуштуулук даражасынын болушу артыкчылык болуп саналат
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122