Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин буйругу менен бекитилди) тизмеги
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 29 - октябры № 3-д буйругуна
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕГИ
№
Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары)
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар
Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык
Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөнкү, ортоӊку, жогорку)
Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы
Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары
Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз)
Функциянын тиби: Тармак саясатын иштеп чыгуу (функциянын тиби: жөнгө салуу)
1
Республикалык бюджеттин жана байланышты, санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну өнүктүрүүгө каралган башка булактардын каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функцияларын ишке ашыруу
- финансылык каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алууда белгилүү бир мамлекеттик органдын кызыкчылыктарын лоббирлөө; - бөлүштүрүүнүн ачык-айкын жол-жоболорун сактабоо.
потенциалдуу
төмөнкү
санарип экономиканы ишке ашырууга республикалык бюджеттен каралган финансылык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча СӨИТМдин комиссиясы
комиссиянын мүчөлөрү
жок
Функциянын тиби: Тармак саясатын ишке ашыруу (функциянын тиби: контролдоо жана көзөмөлдөө)
2
Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү жүзөгө ашырат, анын ичинде аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан ушул күбөлөндүрүүчү борборлор аккредиттелген шайкештик талаптарынын сакталышын текшерүү
- күбөлөндүрүү борборлорун аккредиттөөдөн өткөрүүдөгү сүйлөшүү, ал текшерүү жүргүзүү учурунда аныкталган бузууларды жашырууга алып келиши мүмкүн;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу (чечим кабыл алган адамдардын текшерилип жаткан борборлор менен жеке байланышы болушу мүмкүн).
потенциалдуу
төмөнкү
СӨИТМдин күбөлөндүрүүчү борборлорун аккредитациялоо боюнча комиссиясы, КККАБ КЭКБ
комиссиянын мүчөлөрү
жок
3
Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялоо
- арыз берүүчүлөргө жана байланыш операторлоруна консультация берүүдө сүйлөшүп алуу же бир жактуулук кылуу мүмкүнчүлүгү;
- лицензияны берүү мөөнөтүн тездетүү.
потенциалдуу
ортоӊку
БТЖККнын Уруксат берүүчү документтер башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмү
бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
Бул тобокелдик лицензиялык-уруксат берүү тутуму жаатында ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
4
Радиоэлектрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берүү
- радиоэлектрондук каражат/жогорку жыштыктагы түзүлүш белгиленген талаптарга жооп бербесе дагы, оң эксперттик корутунду берүү;
- экспертиза жүргүзүү мөөнөтүн кыскартуу;
- кошумча документтерди талап кылуу;
- эксперттик корутунду берүүнү негизсиз кечиктирүү.
кырдаалдык
төмөнкү
БТЖККнын сертификаттоо бөлүмүнүн эксперттик корутундулар сектору, сертификаттоо бөлүмү
бөлүм башчысы, сектор башчысы, башкы адис
жок
5
Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын ишин текшерүү
- лицензиаттар менен тил табышуу;
- текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу (укук бузуулар тууралуу протокол түзбөө);
- кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу).
потенциалдуу
жогорку
БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
бөлүм башчысы, жетектөөчү адис, адис
жок
Функциянын тиби: Координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү (функциянын тиби: контролдоо жана көзөмөлдөө)
6
Электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүү жүргүзүү
- алдын ала тандалма тандоо — уюмдарды киргизүү/чыгаруу;
- сый акы үчүн же жеке кызыкчылыктан улам аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу;
- мыйзам бузуулар жөнүндө протоколдорду/корутундуларды түзбөө.
кырдаалдык
төмөнкү
КККАБ КЭКБсы КР УКМК менен биргелешип
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис
УКМК
7
Мекеменин иш кагаздарынын номенклатурасын Эксперттик-текшерүү методикалык комиссиясы (ЭТМК) менен макулдашуу
ЭТМК менен макулдашуу мөөнөттөрүн тездетүү
кырдаалдык
ортоңку
Эксперттик-текшерүү методикалык комиссиясы (ЭТМК)
комиссиянын мүчөлөрү
жок
8
Мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды кайра уюштурууда жана жоюуда архивдик документтерди сактоо шарттары жана орду жөнүндө корутундуларды берүү
- ырастаган негиздерсиз корутундуларды берүү
системалуу
ортоңку
Мамлекеттик архивдер (борбордук архивдер, аймактык башкармалыктар, шаардык, райондук)
архивдин начальниги, башкармалыктын начальниги
жок
9
Документтердин сакталышын камсыздоо
- айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн сакталып турган документтерди алмаштыруу (бурмалоо) жана жок кылуу тобокелдиги болушу
системалуу
жогорку
Архив кызматынын мамлекеттик архивдеринин документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмү, суроо-талаптарын аткаруу бөлүмү, мамлекеттик архивдер, региондук башкармалыктар
сактагычтын башчысы; фонддордун башкы сактоочусу, бөлүм башчысы, бөлүм архивисти; архивдин начальниги, башкармалыктын начальниги
жок
10
Кызматтык иликтөөлөрдү жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү
- аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу же сый акы үчүн белгилүү бир чечим кабыл алуу;
- мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге карата "катуу" жана "жумшак" тартиптик жаза чараларын колдонуу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө билдирбөө.
потенциалдуу
ортоӊку
ЧАКИИБ, СӨИТМдин, Архив кызматытынын, БТЖККнын кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча комиссиялары
башкармалыктын начальниги, башкы инспектор, улук инспектор, инспектор, комиссиянын мүчөлөрү
бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
11
Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, радиожыштыкты нурландыруучу же электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган техникалык каражаттарды алып келүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу
- арыз ээлеринин партиясын карап чыгуудагы жана продукцияны тандап алуудагы макулдашуу тобокелиги;
- айрым арыз берүүчүгө карата маселени кезексиз тартипте чечүү мүмкүнчүлүгү;
- МамСТ белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда оң протокол берүү тобокелдиги.
кырдаалдык
төмөнкү
БТЖККнын сертификатоо бөлүмүнүн эксперттик корутундулар сектору, сыноо лаборатория башкармалыгы
бөлүм жана сектор башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, башкармалыктын начальниги
жок
12
Радио каражаттары орнотулган жерлерде радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдоо
- лицензиаттар менен тил табышуу;
- аныкталган бузууларды жашыруу
- жол берилген бузуулар жөнүндө (бузуулар аныкталган болсо) актыларды жана текшерүү барактарын түзбөө;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу (текшерүүнүн жыйынтыгында жеке кызыкчылыктын болушуна жол берүү)
потенциалдуу
ортоӊку
БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
13
Байланыш жаатындагы мыйзамдардын сакталышына лицензиялык контролдоону жүзөгө ашыруу
- лицензиаттар менен көмүскө сүйлөшүү;
- лицензиат тарабынан жол берилген аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу жана мыйзамдарда каралган тиешелүү чараларды көрбөө;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу).
системалуу
жогорку
БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
14
Радио тоскоолдуктарды же санкцияланбаган сигналдарды аныктоо жана четтетүү, колдонуучуларга ар кандай радио тоскоолдуктарды азайтуу жана бөгөт коюу боюнча талаптарды коюу
- аныкталган мыйзам бузууларды сый акы үчүн жашыруу;
- өлчөөлөрдүн жана протоколдордун жыйынтыктарын бурмалоо;
- негизсиз же ашыкча талаптарды коюу мүмкүнчүлүгү;
- ар кандай колдонуучуларга талаптарды колдонууда "тандалмалуулук".
кырдаалдык
ортоӊку
БТЖККнын Радиобайланыш башкармалыгы, Радиобайланыш башкармалыгынын радиомониторинг бөлүмү, түштүк региону боюнча Радиомониторинг башкармалыгы, чыгыш региону боюнча Радиомониторинг башкармалыгы
Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү функциялар
15
Жеке жана юридикалык жактардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарын аткаруу
- суроо-талаптарды кезексиз аткаруу;
- ачыкка чыгарылбай турчу купуя маалыматты берүү.
системалуу
ортоңку
Архив кызматынын мамлекеттик архивдеринин суроо-талаптарын аткаруу бөлүмү, мамлекеттик архивдер, региондук башкармалыктар
Архивдин начальниги, башкармалыктын начальниги, суроо-талаптарды аткаруу бөлүмүнүн архивисттери
жок
16
Улуттук номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү
- айрым лицензиатка карата кезексиз тартипте чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
- арыздарды кароо мөөнөтүн пайда табуу максатында создуктуруу;
- кызмат көрсөтүүдөн негизсиз баш тартуу;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу).
кырдаалдык
төмөнкү
БТЖККнын Уруксат берүүчү документтер башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмү
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
17
Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү
- партияны карап чыгууда жана арыз ээсинин продукциясын тандап алуудагы көмүскө макулдашуу;
- айрым арыз берүүчүгө карата маселени кезексиз тартипте чечүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу)
кырдаалдык
ортоңку
БТЖККнын сертификаттоо бөлүмү
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
18
Лицензияны жана уруксатты берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, кайра жаңыртуу, токтотуу, лицензияны, уруксатты жокко чыгаруу үчүн сот органдарына материалдарды жөнөтүү
- кезексиз же белгиленген тартипти бузуу менен уруксат алуу;
- сый акы үчүн арыздарды жөнөкөйлөтүлгөн (формалдуу) кароо;
-узартууга жасалма тоскоолдуктарды түзүү;
- токтотуу үчүн негиздерди тандалма колдонуу;
– арыз ээсине мыйзамсыз пайда алуу максатында кысым көрсөтүү куралы катары токтотуу жол-жоболорун колдонуу.
кырдаалдык
ортоңку
БТЖККнын Уруксат берүүчү документтер башкармалыгы, Уруксат берүүчү документтер башкармалыгынын радиоэлектрондук каражаттарды эсепке алуу бөлүмү
башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
жок
Башка функциялар
19
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамлекеттик сатып алууларды жана тендерлерди ишке ашыруу
- үчүнчү жактарга жабык маалыматтарды берүү;
- мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө Комиссиянын мүчөсүнүн жашыруусу;
- өтүнмөлөрдү баалоодо жана салыштырууда жеткирүүчүлөргө негизсиз преференцияларды берүү;
- комиссия мүчөлөрүнүн сүйлөшүп алышы;
- конкреттүү жеткирүүчүнүн спецификацияларына ылайык документтерди даярдоо.
потенциалдуу
ортоңку
ФЭПБ МСС, БТЖККнын пландоо, финансы жана эсепке алуу башкармалыгы, Архив кызматынын уюштуруу - кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү, техникалык тапшырманы иштеп чыгууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр.
Башкармалыктын начальниги, бөлүм жана сектор башчылары, башкы адис, адис, комиссиянын мүчөлөрү
бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
20
Кадрлар резервин түзүү
- кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды (протекционизм, үйбүлөчүлдүк) берүү;
- кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууда белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын лоббирлөө.
потенциалдуу
ортоңку
СӨИТМдин, БТЖККнын, Архив кызматынын конкурстук комиссиясы
конкурстук комиссиянын мүчөлөрү
бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
21
Кызматка дайындоо жана көтөрүү
- бош кызматка квалификациялык талаптарга жооп бербеген кызматкерлерди дайындоо.
кырдаалдык
төмөнкү
АРББ, БТЖККнын кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, Архив кызматытын уюштуруу-кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү
бөлүм башчы
бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
22
Ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарды алуу үчүн материалдарды түзүү жана кароо.
- тиешелүү талаптарга ылайыктуу стажы жок кызматкерди ведомстволук сыйлыкка көрсөтүү боюнча сунуш киргизүү;
- кызматкердин тартиптик жазаларын жана башка жаманатты кылуучу маалыматтарды жашыруу;
- сыйлыкка көрсөтүү материалдарын кароодо комиссия мүчөлөрүнүн сүйлөшүп алышы;
- негизсиз баш тартуу ыктымалдыгы.
кырдаалдык
төмөнкү
СӨИТМ АРББ, сыйлыктар боюнча комиссия
башкы адис, жетектөөчү адис, комиссиянын мүчөлөрү.
бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
23
Соттордо жана укуктук маселелерди кароодо кызыкчылыктардын өкүлчүлүгү
- сот процессинин кызыкдар катышуучулары менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү;
- мыйзамдарга ылайык СӨМдүн иши боюнча доо иштерин белгиленген мөөнөттө жүргүзбөө.
кырдаалдык
ортоңку
УКБ СМДЭБ, БТЖКК укуктук камсыздоо бөлүмү, Архив кызматынын уюштуруу - кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү
бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис
бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
24
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен чет өлкөлүк иш сапарларга делегациялардын курамын түзүү жана бекитүү.
- иш сапардын максаттарына тиешеси жок, иш-чаранын квалификациялык талаптарына жооп бербеген же катышуучулардын зарыл болгон санынан ашкан адамдарды иш сапарга кошуу.
кырдаалдык
ортоңку
ЭКБ, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр
башкармалыктын начальниги жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери
бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн
25
СӨИТМде жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде МК боюнча ички саясаттардын, стандарттардын, регламенттердин жана нускамалардын киргизилишине жана сакталышына контролду жүзөгө ашыруу
- МК саясаттарынын жана регламенттеринин сакталышына формалдуу же тандалма контроль (теңчилик принцибин бузуу үчүн шарттарды түзүү);
- аныкталган мыйзам бузууларды төмөндөтүү жана текшерүүнүн натыйжаларын бурмалоо.
кырдаалдык
төмөнкү
КККАБ КЭКБ
бөлүм башчы, башкы адис, жетектөөчү адис
жок
26
Купуя иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүдө, жашыруун документтер менен иштөөдө купуялык режимин камсыз кылуу
- жашыруун материалдарды уруксатсыз көчүрүү же өткөрүп берүү;
- жашыруун, кызматтык маалыматтын чыгып кетиши;
- жашыруундуулук режимин бузуу фактысын жашыруу.
кырдаалдык
төмөнкү
ККАБнын биринчи сектору
сектордун башчысы, башкы адис
Ооба, режимдик-жашыруун бөлүмдөрү бар мамлекеттик органдарда
27
Күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ)камсыздоо жана пайдалануу
- КММди негизсиз же ашыкча чыгымдоо, билдирмелердин көлөмүн жана лимиттерди жогорулатуу,
- кызматтык транспортту иш жүзүндө колдонбостон күйүүчү майды жалган эсептен чыгаруу.
кырдаалдык
ортоңку
АЧБ
бөлүм башчысы
Ооба, кызматтык транпорт пайдаланылган жана аны күтүүгө каражат бөлүнгөн мамлекеттик органдарда
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси: СӨИТМ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги; ФЭПБ – СӨИТМдин Финансы-экономикалык пландоо башкармалыгы; КККАБ – СӨИТМдин Корпоративдик коопсуздук жана коррупциянын алдын алуу башкармалыгы; ЧАКИИБ– СӨИТМдин Чечимдерди аткарууну контролдоо жана инспекциялык иштер башкармалыгы; ЭКБ – СӨИТМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы; КЭКБ – СӨИТМ КККАБдын Киберкоопсуздук жана электрондук колтамга бөлүмү; МСС – СӨИТМ ФЭПБнын мамлекеттик сатып алуулар сектору; УКБ СМДЭБ – СӨИТМдин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын сот маселелери боюнча жана документтерди экспертизалоо бөлүмү; АРББ – СӨИТМдин адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмү; Биринчи сектор – СӨИТМ КККАБнын биринчи сектору; АЧБ – СӨИТМдин административдик чарба бөлүмү; УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети; Архив кызматы – СӨИТМге караштуу Архив кызматы; БТЖКК - СӨИТМге караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.