# Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 12/IV–6 "Кайыңды – Бишкек каттамы боюнча коомдук транспорттун тарифин төмөндөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 12/IV–6 "Кайыңды – Бишкек каттамы боюнча коомдук транспорттун тарифин төмөндөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/IV–6
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47536/edition/42066/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 12/IV–6 "Кайыңды – Бишкек каттамы боюнча коомдук транспорттун тарифин төмөндөтүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035816

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 17-январы № 12/IV–6 Кайыңды – Бишкек каттамы боюнча коомдук транспорттун тарифин төмөндөтүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын 2024 – жылдын 22 – ноябрындагы № 210 катынын негизинде, Кайыңды – Бишкек маршруту боюнча коомдук транспорттун тарифин арзандатуу жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, Бишкек шаарынын Батыш автобекетинин Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Фрунзе көчөсү, 13б дареги боюнча жайгашкан Ак-Кула ат майданына убактылуу көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13 - ноябрындагы № 726 токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2024 – жылдын 29-августундагы №151 токтомунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 271 токтомунун негизинде, Кайыңды – Бишкек – Кайыңды каттамы боюнча каттаган коомдук транспорттор үчүн жаңы автобекетке чейинки аралык 12,5 чакырымга кыскарган, бирок эң керектүү продукцияга, күйүүчү-майлоочу майларга, автотетиктерге баанын жогорулашына байланыштуу, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 - беренесинин, 27 – беренесинин 12 – пунктунун, 34 – беренесинин 1-пунктунун негизинде, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 – беренесинин 2-пунктунун негизинде жана “Жумадил” ЖЧК жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча № 329 Кайыңды – Кара – Балта каттамына 40 сом ченемин карап берүүнүздү суранабыз” деген ЖЧК “Жумадилдин” кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:

1. Кайынды - Бишкек маршруту боюнча коомдук транспортко тариф бир адамга бир тарапка 80 сом өлчөмүндө өзгөрүүсүз калтырылсын.

2. Кайыңды – Кара – Балта № 329 каттамынын жол кире акысы бир адамга 40 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
