# Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 "Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 "Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47509/edition/42031/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 "Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035778

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы 2025-жылдын 17-январы № 21 Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 21-беренесинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын Типтүү Уставынын, 2025-жылдын 14-январындагы Миң-Булак айыл аймагынын тургундарынын коомдук угууларынын протоколунун негизинде, айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана Миң-Булак айыл аймагынын туруктуу комисиясынын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

Асадова А.К.
