Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы 2025-жылдын 17-январы № 21 Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 21-беренесинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын Типтүү Уставынын, 2025-жылдын 14-январындагы Миң-Булак айыл аймагынын тургундарынын коомдук угууларынын протоколунун негизинде, айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана Миң-Булак айыл аймагынын туруктуу комисиясынын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым
Асадова А.К.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.