Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө токтому
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 1-сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры №1-2 Атамерек айылы Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 Жарлыгына негиз 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү “ III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынан III Жергиликтүү Курултайга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин .
5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагын өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык айылдык кенештин депутаттары бекитилсин.
6. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү өтүүчү курултай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10:00 дө өткөрүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык, этика маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
М.Бакиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.09.2024 · № 271 · Күчүн жоготкон