# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабры № 805 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабры № 805 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 805
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2025
- Редакциянын күнү: 12.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035708>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47457/edition/41959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035708.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабры № 805 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (12.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035708

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 12-декабры № 805

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө

Нарын шаарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Нарын шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясынын 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Борбордук Азия университети (макулдашуу боюнча) менен биргеликте белгиленген тартипте Борбордук Азия университетинин мөөнөтсүз пайдалануусунда болгон жалпы аянты 223,78 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 493 “Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– көрсөтүлгөн жерлерден 40 гектарды төмөнкүлөр үчүн Борбордук Азия университетине туруктуу пайдаланууга берүү жөнүндө:”;

– 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3. Борбордук Азия университетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте университеттик шаарчаны куруу үчүн берилүүчү Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кыя жергесиндеги аянты 12,2 га жер участогунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды сатып алууга уруксат берилсин:”.

3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
