Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-12.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-декабры № 805
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө
Нарын шаарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Нарын шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясынын 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Борбордук Азия университети (макулдашуу боюнча) менен биргеликте белгиленген тартипте Борбордук Азия университетинин мөөнөтсүз пайдалануусунда болгон жалпы аянты 223,78 га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 493 “Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– көрсөтүлгөн жерлерден 40 гектарды төмөнкүлөр үчүн Борбордук Азия университетине туруктуу пайдаланууга берүү жөнүндө:”;
– 3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Борбордук Азия университетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте университеттик шаарчаны куруу үчүн берилүүчү Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кыя жергесиндеги аянты 12,2 га жер участогунда жайгашкан имараттарды жана курулмаларды сатып алууга уруксат берилсин:”.
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны максаттуу багыты боюнча пайдалануу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 493 "Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2004 · № 493
- Нарын шаардык кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына атайын резиденция курууга 1 (бир) гектар…Постановление · 29.04.2026 · № 1
- Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн тер тилкесин бөлүп…Постановление · 29.04.2026 · № 3
- Нарын шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги "Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын…Постановление · 29.04.2026 · № 5
Шилтеме берет (6)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлунун № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2024 · № 405
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июлундагы № 493 "Борбордук Азия университетинин студенттик шаарчасын (кампус) куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.07.2004 · № 493
- Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 "Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын…Постановление · 30.10.2025 · № 1
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон