# КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 351
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230035673/edition/41924/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (03.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035673

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 8-декабры ПЖ № 351

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

– Иманкулов Марат Муканович, Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Джумагазиев Канат Сагынович, Утурбаева Мариякан Төлөгөновна чыгарылсын;

– Койчиев Арслан Капайович – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы, Джантаев Эльчибек Нуржадыевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Кенжебаев Аманкан Батырбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Осмонов Азамат Кыргызбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
