# Бекмолдо айылдык кенешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 30 "Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бекмолдо айылдык кенешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 30 "Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47412/edition/41883/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бекмолдо айылдык кенешинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 30 "Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (31.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035648

---

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

2023-жылдын 31-мартындагы № 30 Бекмолдо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2021-жылдын №29, №30 сандуу токтомдорун кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизүү жөнүндө

Бекмолдо айыл аймагындагы Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарында 2023-жылдын 26-мартында болуп өткөн жалпы айыл тургундарынын жыйынынын чечиминин карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Бекмолдо айылдык кеңешинин сессиясынын 2021-жылдын 22-январындагы №29, №30сандуу токтомдоруна кайрадан бекитүү жана өгөртүү киргизилсин.

2.Кеңеш айылына 75-орундуу бала бакча салуу үчүн Г.Орозалиева атындагы орто мектебинин социалдык обьектилерге бөлүнгөн жеринен 0,38га жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана керектүү иш кагазадары бүткөрүлсүн.

3.Чоң-Токой айылына 75-орундуу эки кабаттуу типтүү бала бакча салынсын, жер тилкеси аныкталсын жана керектүү иш кагаздары бүткөрүлсүн.

4.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

Төрага

С.Осмонов
