# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 655
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47361/edition/41787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035583

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-октябры № 655

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “МЕС Текстиль” мамлекеттик ишканасынын уставында: 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү – он жетинчи абзацтар менен толукталсын: “– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турган техниканы оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;

– санаториялык-курорттук дарылоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;

– медициналык-реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү;

– дары каражаттарын өндүрүү жана мамлекеттик медициналык мекемелерге жана башка керектөөчүлөргө сатуу боюнча иштерди уюштуруу;”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
