# Айдаркен шаардык кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №28 "Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алууга макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Айдаркен шаардык кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №28 "Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алууга макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47254/edition/41664/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айдаркен шаардык кенешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы №28 "Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алууга макулдук берүү жѳнүндѳ" токтому (13.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035450

---

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Айдаркен шаардык Кенешинин 5- чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы

2025-жылдын 13-октябры № 28

Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алууга макулдук берүү жѳнүндѳ Айдаркен шаардык мэриясынын башкы бухгалтери А.Надырбековдун жана сатып алуулар боюнча адиси Ч.Тагаевдин “Шаардык мэрияга лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алуу боюнча” баяндамасын угуп, талкуулап, КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомунун жана бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Айдаркен шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаркен шаардык мэриясына лизинг аркылуу нөөмөтчү автоунаа алуу үчүн мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.

2. Эгерде, 2025-жылга каралган бюджеттен тышкары кошумча акча каражаты түшкөн учурда нөөмөтчү автоунааны накталай алууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.

5. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.

Төрага

А.А. Алтымышова
