# Көк-Бел айыл өкмөтүнүн №9-05 2025 Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Көк-Бел айыл өкмөтүнүн №9-05 2025 Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9-05
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47239/edition/41640/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Бел айыл өкмөтүнүн №9-05 2025 Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө токтому (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035426

---

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) 9-сессиясы

2025-жылдын 5-сентябры № 9-05

Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктунун жана Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши айыл жашоочуларынын арызын, чогулушунун протоколун карап жана талкуулап чыгып токтом кылат:

1.“Курук Тоголой” көчөсүнүн жашоочуларынын арызы канаатандырылсын.

2.“Курук Тоголой” көчөсүн “Өтөнов Абжалан ажы” атындагы көчө деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3.Көчөнүн атын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы А.Сейдалиевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин маданият, жаштар иштери жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М. Айткулов
