Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 350 «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 5-декабры ПЖ № 350
Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө
Зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнестин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин:
– зергердик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо, ошондой эле чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн зергердик буюмдарды ташып чыгарууда бажы жыйымдарын жана салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды берүүнү;
– легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгилөө менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын мурда ташып киргизилген же өндүрүлгөн калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырууну;
– пробалык жыйымдын ставкаларын төмөндөтүү жөнүндө маселени кароо менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө тиешелүү пробаны ырастаган өзүнүн эн тамгасы менен пробалоо жана эн тамгасын басуу боюнча функцияларды (мамлекеттик пробалык эн тамгасын кошпогондо) ыктыярдуу негизде өткөрүп берүүнү;
– үч жылдык мөөнөткө жеке жана юридикалык жактарды автомототранспорт каражаттарын сатууда салыктарды төлөөдөн бошотууну;
– жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактарды 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде автомототранспорт каражаттарын сатууда алынган кирешелер боюнча салыктарды, анын ичинде туумдардын жана санкциялардын суммаларын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотууну;
– Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн саткан учурда сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотууну;
– тигүү тармагынын субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүнү;
– чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын азайтууну;
– Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүзөгө ашырылуучу иш үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөөнү;
– чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлүүчү транзакцияга салыктын ставкасын 0,1 пайыз өлчөмүндө белгилөөнү;
2) зергердик буюмдарды ата мекендик өндүрүүчүлөргө Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 пайыз өлчөмүндө арзандатылган баа боюнча Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунан чийки затка жеңилдетилген жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын;
3) зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды түз келишимдин негизинде же товардык-чийки зат биржасы аркылуу 180 (бир жүз сексен) күнгө чейинки мөөнөткө төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен кайра сатуу укугусуз чийки зат түрүндө сатууну жүзөгө ашырсын;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору менен макулдашуу боюнча зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү механизмин карасын;
5) “Манас” эл аралык аэропортунда баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробанын эн тамгасын басуу боюнча лабораторияны түзсүн жана ишин уюштурсун, ошондой эле Ош, Манас шаарларынын жана “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагында жайгашкан Ысык-Көл филиалынын аэропортторунда мындай лабораторияларды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени иштеп чыксын;
6) баалуу металлдардан жасалган ата мекендик зергердик буюмдарды сатуу рынокторун кеңейтүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну аткаруунун алкагында эн тамгаларды өз ара таануу тууралуу маселени чечүүнү тездетсин;
7) зергерчилик тармагынын субъекттерине карата талаптардын кайталанышын болтурбоо максатында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруунун алкагында маалыматтарды санариптик өз ара алмашуу системасын киргизүү жолу менен баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды сатуучулардан суралган маалыматтарды жана отчетторду интеграциялоону камсыз кылсын.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майы № 366 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жана…Постановление · 25.05.2026 · № 366
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 175 "Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү…Постановление · 13.03.2026 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 276-т ("Зергерчилик өнөр жайынын субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашыруу…Распоряжение · 22.04.2026 · № 276-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралы № 59 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу…Постановление · 04.02.2026 · № 59
- КР Министрлер Кабинетинин 13.03.2026-ж., № 175 токтомуПостановление · 13.03.2026 · № 175
- Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилдиЗакон · 31.12.2025
- Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр күчүнө кирдиЗакон · 13.01.2026
- “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлдуУказ · 06.12.2025
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021