# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 "Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 "Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 778
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230035341/edition/41553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 "Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035341

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 4-декабры № 778

Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 584 , 2025-жылдын 9-октябры № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кызматкерлерди иш сапарга жиберүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын чегинде:

- суткалык төлөм – республиканын региондорунда иш сапарда болуунун ар бир күнү үчүн 1000 сом; Бишкек шаарында – 1200 сом;

- турак жайды ижаралоо боюнча төлөм – тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча. Ырастоочу документтер жок болгон учурда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдардын орду суткалык чыгымдардын ченеминен 50 пайыз өлчөмүндө толтурулат;

- иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат. Ырастоочу документтер жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдардын орду 1-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө толтурулат;

2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары:

- турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдарды жана чектик чыгымдарды төлөө – ырастоочу документтерди бербестен 2-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө;

- иш сапар өтүүчү жерге чейин барууга жана кайтып келүүгө жол кире чыгымдары, анын ичинде транспортто жүргүнчүлөрдү милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, ошондой эле барган өлкөсүндөгү транспорттук чыгымдар иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жүргүзүлөт, мында бул чыгымдар тиешелүү документтер менен ырасталат.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- кызматкерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш сапарга жиберүү иш сапардык күбөлүктү тариздебестен иш берүүчүнүн буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөт;

- иш сапардык чыгымдардын ченемдерин көбөйтүү менен байланышкан кошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.

– туруктуу жашаган жеринен сырткары жашагандыгына байланышкан чыгымдар (суткалык чыгымдар) – бул кызматкердин иш сапардагы жеке чыгымдарын (тиричилик муктаждыктарына, тамактанууга жана иш сапарда болгон жердин чегинде жол киреге чыгымдары) жабуучу төлөмдөр.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябры № 684 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 241 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 97 (3754) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын чегинде ырастоочу документтер жок болгон учурда жол киреге

чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдери

| Аралык(км) | Жол киренин ордун толтуруунунченемдери (сом менен) |
| --- | --- |
| 25–30 | 50 |
| 31–40 | 60 |
| 41–50 | 70 |
| 51–60 | 80 |
| 61–70 | 90 |
| 71–80 | 100 |
| 81–90 | 110 |
| 91–100 | 150 |
| 100кмашыкарбир15кмүчүн | 20 |

Эскертүү: иш сапарда пайдаланылган бензин жана дизель автомобилдери үчүн күйүүчү майга чыгымдардын, ошондой эле электрмобилдер үчүн электр энергиясына чыгымдардын орду 1 км жолго күйүүчү майды/электр энергиясын чыгымдоонун заводдук көрсөткүчтөрүнүн жана чыгымдар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде толтурулат.

| | | 2-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарга жиберилген кызматкерлерге турак жайды ижаралоо боюнча суткалык чыгымдардын жана чектик чыгымдардын ордун толтуруунун ченемдери

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 584 токтомунун редакциясына ылайык)

| Өлкө | Четөлкөлүк валютанын аталышы | Ишсапарда болуунун суткалык ченемдери | Туракжайды суткасына ижаралоо боюнча чыгымдардын ордун толтуруунун чектикченеми |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1А | 2Б |  |  |  |  |  |  |  |
| Австралия | АКШдоллары | 62 | 37 | 150 |  |  |  |  |
| Австрия Республикасы | Евро | 70 | 40 | 300 |  |  |  |  |
| АзербайжРеспубликасы | АКШдоллары | 40 | 24 | 180 |  |  |  |  |
| Алжир Элдик Демократиялык Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 60 |  |  |  |  |
| Андорра | АКШдоллары | 62 | 37 | 140 |  |  |  |  |
| АнтигуажанаБарбуда | АКШдоллары | 50 | 30 | 150 |  |  |  |  |
| МисирАраб Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 120 |  |  |  |  |
| АргентинаРеспубликасы | АКШ доллары | 52 | 30 | 75 |  |  |  |  |
| Белиз | АКШдоллары | 46 | 25 | 57 |  |  |  |  |
| Бермударалдары | АКШдоллары | 54 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| ВенесуэлаБоливариан Республикасы | АКШдоллары | 64 | 37 | 100 |  |  |  |  |
| Буркина-Фасо | АКШдоллары | 65 | 39 | 120 |  |  |  |  |
| ЛюксембургУлуу Герцогдугу | Евро | 60 | 36 | 300 |  |  |  |  |
| Венгрия | АКШдоллары | 60 | 36 | 250 |  |  |  |  |
| УругвайЧыгыш Республикасы | АКШдоллары | 40 | 24 | 70 |  |  |  |  |
| ГабонРеспубликасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 100 |  |  |  |  |
| ГвинеяРеспубликасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 130 |  |  |  |  |
| Гибралтар (Улуу Британия аймагы) | АКШдоллары | 60 | 36 | 75 |  |  |  |  |
| Бруней-Даруссалам Мамлекети | АКШдоллары | 46 | 28 | 100 |  |  |  |  |
| ИзраильМамлекети | АКШдоллары | 70 | 42 | 120 |  |  |  |  |
| КатарМамлекети | АКШдоллары | 60 | 36 | 160 |  |  |  |  |
| КувейтМамлекети | АКШдоллары | 59 | 35 | 250 |  |  |  |  |
| Япония Мамлекети | АКШдоллары | 80 | 48 | 350 |  |  |  |  |
| Гренада | АКШдоллары | 50 | 30 | 70 |  |  |  |  |
| ГрекРеспубликасы | Евро | 65 | 39 | 300 |  |  |  |  |
| Грузия | АКШдоллары | 40 | 24 | 180 |  |  |  |  |
| КонгоДемократиялык Республикасы | АКШдоллары | 70 | 42 | 100 |  |  |  |  |
| Сан-ТомежанаПринсипи Демократиялык Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы | АКШдоллары | 62 | 36 | 70 |  |  |  |  |
| ДоминиканРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| Франциянынчегинен тышкаркыаймактары | АКШдоллары | 60 | 36 | 140 |  |  |  |  |
| ИорданияХашемит Королдугу | АКШдоллары | 50 | 30 | 85 |  |  |  |  |
| ИранИслам Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 110 |  |  |  |  |
| МавританияИслам Республикасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 110 |  |  |  |  |
| ПакистанИслам Республикасы | АКШдоллары | 58 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| Афганстан | АКШдоллары | 40 | 24 | 100 |  |  |  |  |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 584токтомунун редакциясына ылайык) |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Италия Республикасы | Евро | 65 | 39 | 300 |  |  |  |  |
| ЙеменРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| Кайманаралдары | АКШдоллары | 60 | 36 | 110 |  |  |  |  |
| Канада | АКШдоллары | 65 | 39 | 110 |  |  |  |  |
| КытайЭл Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 250 |  |  |  |  |
| ЛихтенштейнКняздыгы | АКШдоллары | 75 | 45 | 140 |  |  |  |  |
| Монако Княздыгы | АКШдоллары | 65 | 39 | 130 |  |  |  |  |
| ГайанаКооперативдик Республикасы | АКШдоллары | 52 | 30 | 120 |  |  |  |  |
| КореяЭлдик- Демократиялык Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 250 |  |  |  |  |
| Бахрейн Падышалыгы | АКШдоллары | 66 | 35 | 112 |  |  |  |  |
| БельгияКоролдугу | Евро | 65 | 39 | 300 |  |  |  |  |
| ДанияКоролдугу | Евро | 70 | 42 | 300 |  |  |  |  |
| ИспанияКоролдугу | Евро | 70 | 42 | 300 |  |  |  |  |
| КамбоджаКоролдугу | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| ЛесотоКоролдугу | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| Марроко Падышалыгы | АКШдоллары | 60 | 36 | 120 |  |  |  |  |
| НидерландыКоролдугу | Евро | 65 | 39 | 300 |  |  |  |  |
| НорвегияКоролдугу | АКШдоллары | 80 | 48 | 150 |  |  |  |  |
| СаудАравия Падышалыгы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| ТайландПадышалыгы | АКШдоллары | 58 | 32 | 100 |  |  |  |  |
| Тонга Королдугу | АКШдоллары | 40 | 24 | 100 |  |  |  |  |
| Швеция Королдугу | Евро | 65 | 39 | 300 |  |  |  |  |
| ЭсватиниКоролдугу | АКШдоллары | 65 | 39 | 100 |  |  |  |  |
| Лаос Элдик- Демократиялык Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| ЛатвияРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 180 |  |  |  |  |
| ЛиванРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 80 |  |  |  |  |
| ЛитваРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 180 |  |  |  |  |
| Малайзия | АКШдоллары | 60 | 36 | 120 |  |  |  |  |
| Мальдив Республикасы | АКШдоллары | 40 | 24 | 90 |  |  |  |  |
| МексикаБириккен Штаттары | АКШдоллары | 55 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| БоливияКөпулуттуу Мамлекети | АКШдоллары | 63 | 35 | 80 |  |  |  |  |
| БангладешЭлдик Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 80 |  |  |  |  |
| ПапуаЖаңыГвинеяКөз карандысызМамлекети | АКШдоллары | 55 | 33 | 110 |  |  |  |  |
| СамоаКөзкарандысыз Мамлекети | АКШдоллары | 48 | 25 | 90 |  |  |  |  |
| ЖаңыЗеландия | АКШдоллары | 65 | 39 | 130 |  |  |  |  |
| ТанзанияБириккен Республикасы | АКШдоллары | 56 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| БириккенАраб Эмираттары | АКШдоллары | 55 | 33 | 300 |  |  |  |  |
| Португалия Республикасы | Евро | 61 | 33 | 250 |  |  |  |  |
| АлбанияРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 150 |  |  |  |  |
| АнголаРеспубликасы | АКШ доллары | 64 | 38 | 132 |  |  |  |  |
| АрменияРеспубликасы | АКШдоллары | 40 | 24 | 180 |  |  |  |  |
| БарбадосРеспубликасы | АКШдоллары | 46 | 28 | 75 |  |  |  |  |
| БеларусьРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 180 |  |  |  |  |
| БенинРеспубликасы | АКШдоллары | 66 | 39 | 95 |  |  |  |  |
| БолгарияРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 250 |  |  |  |  |
| БоснияжанаГерцеговина Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 110 |  |  |  |  |
| БотсванаРеспубликасы | АКШдоллары | 54 | 30 | 102 |  |  |  |  |
| БурундиРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| ВануатуРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| Гаити Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 80 |  |  |  |  |
| ГамбияРеспубликасы | АКШ доллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| ГанаРеспубликасы | АКШдоллары | 54 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| ГватемалаРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 90 |  |  |  |  |
| Гвинея-Бисау Республикасы | АКШдоллары | 70 | 42 | 50 |  |  |  |  |
| ГондурасРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 60 |  |  |  |  |
| ЖибутиРеспубликасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 100 |  |  |  |  |
| Замбия Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 150 |  |  |  |  |
| ЗимбабвеРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 110 |  |  |  |  |
| Индия Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 170 |  |  |  |  |
| ИндонезияРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 110 |  |  |  |  |
| ИракРеспубликасы | АКШдоллары | 70 | 42 | 100 |  |  |  |  |
| ИрландияРеспубликасы | Евро | 65 | 39 | 300 |  |  |  |  |
| ИсландияРеспубликасы | АКШдоллары | 70 | 42 | 150 |  |  |  |  |
| Кабо-Верде Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| КазакстанРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 180 |  |  |  |  |
| КамерунРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| КенияРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 110 |  |  |  |  |
| КипрРеспубликасы | Евро | 60 | 36 | 300 |  |  |  |  |
| КолумбияРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| Конго Республикасы | АКШдоллары | 70 | 42 | 100 |  |  |  |  |
| КореяРеспубликасы | АКШдоллары | 68 | 38 | 300 |  |  |  |  |
| Коста-РикаРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| Кот-д’Ивуар Республикасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 100 |  |  |  |  |
| КубаРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| ЛиберияРеспубликасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 100 |  |  |  |  |
| МаврикийРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| Мадагаскар Республикасы | АКШдоллары | 56 | 33 | 110 |  |  |  |  |
| МалавиРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 90 |  |  |  |  |
| МалиРеспубликасы | АКШдоллары | 70 | 42 | 120 |  |  |  |  |
| Мальта Республикасы | Евро | 60 | 36 | 180 |  |  |  |  |
| Мозамбик Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| МолдоваРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 180 |  |  |  |  |
| МонголияРеспубликасы | АКШдоллары | 58 | 30 | 90 |  |  |  |  |
| НамибияРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 120 |  |  |  |  |
| НигерияРеспубликасы | АКШ доллары | 58 | 30 | 110 |  |  |  |  |
| НикарагуаРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 90 |  |  |  |  |
| ФиджиАралдары Республикасы | АКШдоллары | 40 | 24 | 70 |  |  |  |  |
| ПалауРеспубликасы | АКШдоллары | 58 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| ПанамаРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 50 |  |  |  |  |
| ПарагвайРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 75 |  |  |  |  |
| ПеруРеспубликасы | АКШдоллары | 58 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| ПольшаРеспубликасы | АКШдоллары | 56 | 33 | 250 |  |  |  |  |
| РуандаРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| ТүндүкМакедония Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 140 |  |  |  |  |
| СейшелыРеспубликасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 130 |  |  |  |  |
| СенегалРеспубликасы | АКШ доллары | 70 | 42 | 130 |  |  |  |  |
| Сербия Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 110 |  |  |  |  |
| СингапурРеспубликасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 120 |  |  |  |  |
| Словения Республикасы | АКШдоллары | 56 | 33 | 130 |  |  |  |  |
| МьянмаБирлиги Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 80 |  |  |  |  |
| СуданРеспубликасы | АКШдоллары | 78 | 42 | 110 |  |  |  |  |
| СуринамРеспубликасы | АКШдоллары | 69 | 40 | 110 |  |  |  |  |
| Сьерра-Леоне Республикасы | АКШдоллары | 54 | 32 | 100 |  |  |  |  |
| ТажикстанРеспубликасы | АКШдоллары | 45 | 27 | 180 |  |  |  |  |
| Тринидаджана Тобаго Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| УгандаРеспубликасы | АКШдоллары | 52 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| Өзбекстан Республикасы | АКШдоллары | 45 | 27 | 180 |  |  |  |  |
| Филлипины Республикасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 130 |  |  |  |  |
| ХорватияРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 120 |  |  |  |  |
| ЧадРеспубликасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 130 |  |  |  |  |
| ЧилиРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 90 |  |  |  |  |
| ЭквадорРеспубликасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 75 |  |  |  |  |
| ЭкваториялыкГвинея Республикасы | АКШдоллары | 52 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| Эль-Сальвадор Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 90 |  |  |  |  |
| Россия Федерациясы | АКШдоллары | 70 | 42 | 180 |  |  |  |  |
| Румыния | АКШдоллары | 56 | 33 | 250 |  |  |  |  |
| Сан-МариноУлуу Республикасы | АКШдоллары | 65 | 39 | 150 |  |  |  |  |
| Пуэрто-РикоЭркин ассоцияланган Мамлекети | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| Сент-Люсия | АКШдоллары | 55 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| СирияАраб Республикасы | АКШдоллары | 62 | 35 | 100 |  |  |  |  |
| Словакия Республикасы | АКШдоллары | 56 | 33 | 180 |  |  |  |  |
| БагамАралдарынын Шериктештиги | АКШдоллары | 46 | 28 | 75 |  |  |  |  |
| УлууБританияжана ИрландияБириккен Королдугу | Фунтстерлинг | 75 | 45 | 350 |  |  |  |  |
| АмерикаКошмо Штаттары | АКШдоллары | 72 | 40 | 350 |  |  |  |  |
| ЛивияСоциалисттик Элдик Араб Жамахириясы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| ВьетнамСоциалисттик Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
| КоморАралдары Бирлиги | АКШдоллары | 70 | 42 | 120 |  |  |  |  |
| Аомэнь(КЭР)Макао Атайын административдикрайону | АКШдоллары | 56 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| Сянган(КНР)Гонконг Атайын административдикрайону | АКШдоллары | 67 | 40 | 300 |  |  |  |  |
| ОманСултанаты | АКШдоллары | 62 | 35 | 110 |  |  |  |  |
| ТоголезРеспубликасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 100 |  |  |  |  |
| ТунисРеспубликасы | АКШдоллары | 45 | 27 | 90 |  |  |  |  |
| ТүркияРеспубликасы | АКШдоллары | 62 | 35 | 200 |  |  |  |  |
| Түркмөнстан | АКШдоллары | 40 | 24 | 180 |  |  |  |  |
| Украина | АКШдоллары | 50 | 30 | 180 |  |  |  |  |
| НепалФедералдык Демократиялык Республикасы | АКШдоллары | 50 | 30 | 90 |  |  |  |  |
| ЭфиопияФедеративдик Демократиялык Республикасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| Бразилия Федеративдик Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 150 |  |  |  |  |
| ГерманияФедеративдик Республикасы | Евро | 70 | 42 | 300 |  |  |  |  |
| НигерияФедеративдик Республикасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 110 |  |  |  |  |
| СомалиФедеративдик Республикасы | АКШдоллары | 56 | 33 | 100 |  |  |  |  |
| ФинляндияРеспубликасы | Евро | 60 | 36 | 300 |  |  |  |  |
| ФранцияРеспубликасы | Евро | 62 | 36 | 300 |  |  |  |  |
| БорбордукАфрика Республикасы | АКШдоллары | 70 | 42 | 100 |  |  |  |  |
| Черногория | АКШдоллары | 60 | 36 | 110 |  |  |  |  |
| ЧехияРеспубликасы | АКШдоллары | 56 | 33 | 250 |  |  |  |  |
| Швейцария Конфедерациясы | Евро | 70 | 42 | 300 |  |  |  |  |
| ЭстонияРеспубликасы | АКШдоллары | 55 | 33 | 180 |  |  |  |  |
| Түштүк-Африка Республикасы | АКШдоллары | 60 | 36 | 57 |  |  |  |  |
| Ямайка | АКШдоллары | 50 | 30 | 100 |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |  |

Эскертүү:

1. “А” – көрсөтүлгөн чет өлкөгө Кыргыз Республикасынан кыска мөөнөттүү иш сапарга чыккан Кыргыз Республикасынын кызматкерлери үчүн.

2. “Б” – Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери үчүн, ошондой эле аталган чет өлкөгө жумушка жиберилген жана чет өлкөдө болгон учурда, ошол чет өлкөнүн чегинде алардын кыска мөөнөттүү иш сапарда эмгек акыны чет элдик валютада алган Кыргыз Республикасынын башка категориядагы кызматкерлери үчүн.

Бул ченемдер аталган кызматкерлерге чет өлкөдө иштеген жерине чейин чет өлкөлүк аймактар боюнча жол кире үчүн жана кайтып келүүгө чыгымдардын ордун толтурууда жана чет өлкөдөн Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү иш сапарга барууда жана кайтып келүүдө колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча расмий делегациялардын курамында кызматкерлердин чет өлкөлүк иш сапарга чыгууда турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарынын ордун толтуруунун башка тартиби аныкталышы мүмкүн.
