Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 1-тиркеме)
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомуна)
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобо
1- глава. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 “2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын ишке ашыруунун алкагында долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартибин белгилейт.
2. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо Кыргыз Республикасынын шаарларында/айыл аймактарында аймактарды көрктөндүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каралат.
3. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелери шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду көрсөтүү, алгачкы талкуулоо, алдын ала тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштамаларды даярдоо боюнча тиешелүү шаардын/айыл аймагынын аймагында жашаган жана өз ишин жүзөгө ашырган тургундардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын ишин камтыйт.
4. Мамлекеттик субсидия аймактарды көрктөндүрүүнү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууну кошуп алганда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган демилгелерди, анын ичинде калктын социалдык жактан аялуу топторунун кызыкчылыктарын коргоого багытталган долбоорлорду, маданиятка, дене тарбияга жана спортко ж.б. колдоо көрсөтүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилет.
5. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында региондорду өнүктүрүү фонддорунан каржылоо үчүн төмөнкү долбоорлор артыкчылыктуу болуп аныкталат:
1) көрсөтүүдө, талкуулоодо жана алдын ала тандоодо долбоор ишке ашырыла турган шаардын/айыл аймагынын ошол бөлүгүнүн жашоочуларынын 50 %дан кем эмеси катышкан;
2) аялдар активдүү катышкан;
3) ишке ашыруунун натыйжасында жумушчу орундар түзүлгөн (же сакталган);
4) башка ушул сыяктуу долбоордук өтүнмөлөргө караганда жергиликтүү коомчулук тарабынан тең каржылоонун үлүшү жогору болгон;
5) калктын социалдык жактан аялуу топторунун кызыкчылыктарын коргоого багытталган, инклюзивдүүлүктү камсыз кылган;
6) экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.
6. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында конкурстук тандоого төмөнкү критерийлерге ылайык келген долбоорлорго уруксат берилет:
1) шаардын/айыл аймагынын тургундарынын акысыз эмгекке катышуу, техникалар, курулуш материалдары менен камсыз кылуу түрүндөгү салымынын болушу;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана/же акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлгөн объектти өз алдынча күтүү жөндөмдүүлүгү.
7. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында төмөнкү иш-чараларды каржылоого жол берилбейт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же коммерциялык эмес уюмдар жайгашкан имараттарды оңдоого;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын ишин камсыз кылуучу кандайдыр бир товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
3) коммерциялык уюмдар жергиликтүү калкка кызмат көрсөткөн учурларда (коомдук тамактануу, соода, турмуш-тиричилик тейлөө объекттери ж.б.) коммерциялык уюмдарга финансылык колдоо көрсөтүүгө;
4) жеке менчик болуп саналган объекттерди түзүү же оңдоо;
5) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорун ишке ашырууга катышкан жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө, алардын бирикмелерине, башка жеке жана юридикалык жактарга эмгек акы же башка сый акы төлөөгө;
6) камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктарды, жыйымдарды төлөөгө, кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди тындырууга жана тейлөөгө, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун
демилгеленген долбоорун ишке ашыруу менен байланышпаган башка чыгымдарга.
2- глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин көтөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө тургундарга маалымдоо тартиби
8. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорлорун тандоого конкурс, өткөрүүнүн мөөнөттөрү, тартиби, катышуучулар, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери жөнүндө маалымат жана конкурска тиешелүү башка маалыматтар жарандар, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтында жана/же колдонуудагы баракчасында социалдык тармактарда, мессенджерлерде, ал эми алар жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасында жайгаштырылат.
9. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ушул Жобонун 6-главасына ылайык конкурска катышуу үчүн документтердин тизмесин;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгелери аларды чечүүгө багытталган жергиликтүү маанидеги маселелерди;
3) конкурсту өткөрүү убактысын, ордун жана тартибин;
4) жергиликтүү коомчулуктун бир демилгесин ишке ашырууга каржылоонун максималдуу суммасын;
5) конкурска катышуу үчүн формаларды алууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын байланыш маалыматтарын же көрсөтүлгөн формаларды электрондук түрдө көчүрүп алууга мүмкүн болгон анын расмий сайтынын дарегин;
6) маалымат жана түшүндүрмө алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтарын (аты-жөнү, телефон номери жана электрондук почта дареги);
7) конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын почта дарегин же электрондук почтасын;
8) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу аяктаган датасын жана убактысын.
10. Конкурс жөнүндө кулактандыруунун типтүү формасы үлгү боюнча түзүлөт (Жобонун 1-тиркемеси).
3- глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорлорун көрсөтүү, талкуулоо жана алдын ала тандоо тартиби
11. Долбоорлорду жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоого көрсөтүү долбоорлордун демилгечилери тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Долбоордун демилгечилери болуп жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле төмөнкүлөр саналат:
1) он сегиз жашка чыккан жана шаардын/айыл аймагынын аймагында туруктуу жашаган бештен кем эмес жарандан турган демилгечи топтор;
2) өз ишин шаардын/айыл аймагынын аймагында жүзөгө ашырып жаткан жеке ишкерлер;
3) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорун каржылоону алууга долбоордук өтүнмө берген жана финансылык, материалдык, материалдык эмес (эмгек) түрүндө демилгелүү салым кошууга даяр болгон өз ишин шаардын/айыл аймагынын аймагында жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдар.
13. Долбоордун демилгечилери:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоордук өтүнмөсүн даярдайт;
2) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорун коомдук талкуулоону уюштурат;
3) долбоорго колдоо көрсөтүү маселеси боюнча жарандардын пикирлерин аныктоону камсыз кылат;
4) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоордук өтүнмөсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына киргизет;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен бирдикте долбоордук өтүнмөнү толуктап иштеп чыгат;
6) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорун ишке ашырууга катышууга милдеттүү;
7) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө катышат.
14. Демилгечи топту түзүү жана анын чечим кабыл алуусу протокол менен таризделет.
4- глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорлорун талкуулоо тартиби
15. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоору алардын кызыкчылыгында бул долбоорду ишке ашыруу шартталган
шаардын/айыл аймагынын же анын бөлүгүнүн (көчө, квартал, жаңы конуш ж.б.) жергиликтүү коомчулугу менен талкууланууга тийиш.
16. Долбоордун демилгечиси жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбооруна колдоо көрсөтүү боюнча талкуулоону жана жарандардын пикирлерин аныктоону төмөнкү формалардын биринде уюштурат:
1) жыйында (чогулушта) долбоорду кароо;
2) жарандарды аралыктан сурамжылоо жүргүзүү;
3) колдорду чогултуу.
17. Долбоордун демилгечиси жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбооруна колдоо көрсөтүү жөнүндө маселе боюнча жарандардын пикирлерин аныктоонун бир нече формаларын пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
18. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген бир нече долбоору бир жыйында (чогулушта) каралышы мүмкүн.
19. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбооруна колдоо көрсөтүүнүн минималдуу чектери:
1) бүткүл шаардын/айыл аймагынын кызыкчылыктарын козгогон долбоорлор үчүн – шаардын/айыл аймагынын калкынын жалпы санынын 1 %дан кем эмеси;
2) шаардын/айыл аймагынын бир бөлүгүнүн (көчө, квартал, жаңы конуш ж.б.) кызыкчылыктарын козгогон долбоорлор үчүн – бул бөлүктүн калкынын 10 %дан кем эмеси.
20. Жыйынды (чогулушту) өткөрүү, жарандарды сурамжылоо, кол топтоо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, жергиликтүү коомчулуктун уставына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
5- глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорлорун тандоо боюнча комиссияны түзүү жана иш тартиби
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоордук өтүнмөлөрдү алдын ала тандоо боюнча комиссияны түзөт.
Комиссия жети адамдан кем эмес санда түзүлөт, анын курамына төмөнкүлөр кирет:
- вице-мэр/айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары (же аппарат жетекчи/жооптуу катчы) – комиссиянын төрагасы;
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- мэриянын/айыл өкмөтүнүн кызматкерлери;
- жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү жана/же жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.
Комиссиянын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
22. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.
23. Комиссиянын жыйналыштары комиссиянын төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин демилгеси боюнча чакырылат. Комиссиянын жыйналышын комиссиянын төрагасы алып барат, ал эми ал жок болгон учурда комиссиянын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайлануучу комиссиянын мүчөсү алып барат.
24. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин чечими менен дайындалуучу комиссиянын катчысы комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо маселелери менен алектенет.
25. Комиссиянын жыйналышы эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет. Комиссиянын катышпаган мүчөлөрүнүн башка адамдар менен алмашуусуна жол берилбейт.
26. Комиссиянын кароосуна кириш корреспонденцияларды каттоо журналында катталган бардык долбоордук өтүнмөлөр киргизилет.
27. Комиссиянын бардык чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе, комиссиянын чечими кабыл алынды деп таанылат. “Макул” жана “каршы” добуштар тең болгон учурда комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
28. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Комиссиянын жыйналышынын протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссиянын жыйналышынын протоколуна комиссиянын жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрү кол коёт.
29. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда комиссиянын мүчөсү өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу, ал комиссиянын жыйналышынын протоколуна киргизилет.
30. Комиссиянын чечимдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жарыяланат, ал жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына (стендге) жайгаштырылат.
31. Комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишине акысыз негизде катышат.
6- глава. Конкурстук документтер жана аларды тапшыруу тартиби
32. Конкурска катышуу үчүн демилгечилер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына төмөнкү документтерди берет:
1) үлгү боюнча арыз (Жобого 2-тиркеме);
2) үлгү боюнча долбоордук өтүнмө (Жобого 3-тиркеме);
3) үлгү боюнча долбоордук өтүнмөнүн бюджети (Жобого 4-тиркеме);
4) жеке жактар үчүн демилгечи топтун бардык мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү;
5) жеке ишкерди жана/же юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
6) жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорун колдоо боюнча жарандардын пикирлерин аныктоо боюнча жыйындардын (чогулуштардын) натыйжаларынын протоколдору/ аралыктан сурамжылоонун натыйжалары/жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорун колдоонун кол коюу барактары.
33. Долбоордук өтүнмөлөр ЖӨБдүн аткаруу органына мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү ыкмалардын бири менен берилет:
1) электрондук түрдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын электрондук почтасына жөнөтүү;
2) эгерде өтүнмөлөрдү санариптик форматта берүү мүмкүн болбосо, же бул документтерди башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алуу мүмкүн болбосо, кагаз түрүндө конвертке салынып чапталып берилет.
34. Долбоордук өтүнмөгө милдеттенме-каттар, конкурстун катышуучусунда ресурстардын бар экендигин ырастаган финансылык жана башка документтер, зарыл болгон учурда жергиликтүү коомчулуктун демилгеленген долбоорунун туруктуулугун камсыз кылуу механизмдери жөнүндө маалыматтар кошумча тиркелет.
35. Жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин бюджети үлгү боюнча түзүлөт (Жобого 5-тиркеме) жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) иштердин наркын эсептөөнү;
2) сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын наркын эсептөөнү;
3) техниканын жана автотранспорттун ижара акысынын наркын эсептөөнү;
4) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөөнү;
5) жыйынды бюджетти жана каржылоо планын.
36. Конкурстук документтердин формалары (арыз, долбоордук өтүнмө, бюджет ж.б.) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын маалымат тактасына (стендге) жайгаштырылат жана кызыкдар жактардын суроо- талабы боюнча берилет.
37. Долбоордук өтүнмөлөр демилгечилер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына демилгечилердин кол тамгалары жана/же мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлүп берилет.
38. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жиберилген долбоордук өтүнмөлөр кириш корреспонденциялардын журналына катталууга тийиш жана бир жумуш күндүн ичинде конкурстук комиссияга жиберилет.
7- глава. Долбоордук өтүнмөлөрдү тандоо жана баалоо
39. Долбоордук өтүнмөлөрдү алдын ала тандоо этабында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоордук өтүнмөлөрдүн төмөнкүдөй критерийлерге ылайыктуулугун баалоо жүргүзүлөт: долбоордун реалдуулугу, анын ичинде суралган ресурстардын көлөмү, жергиликтүү маанидеги маселелерге шайкештиги. Ушул критерийлерге ылайык келген долбоордук өтүнмөлөрдү тандоого жана баалоого уруксат берилет.
40. Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоордук өтүнмөлөрдү тандоо жана баалоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
– ар бир долбоордук өтүнмөнүн комиссиянын мүчөлөрү тарабынан изилдениши;
– долбоордук өтүнмөлөрдү изилдөөнүн натыйжалары боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан баалоонун ар бир критерийи боюнча баалоо барагында баллдарды коюлушу;
– комиссиянын мүчөлөрү тарабынан баалоо барагында бардык критерийлер боюнча коюлган баллдарды суммалоо, анын натыйжасында алынган сумма долбоордук өтүнмөнү баалоо болуп эсептелет (баалоо баракчасына комиссиянын мүчөлөрү кол коёт жана комиссияда сакталат);
– баалоо барактары боюнча бардык жыйынтыктоочу баллдарды суммалоо жана баалоо барактарынын санына бөлүү жолу менен долбоордук өтүнмөнүн жыйынтыктоочу баллдарын эсептөө (орточо маани өтүнмө боюнча жыйынтыктоочу балл болуп саналат);
– долбоордук өтүнмөлөр боюнча жыйынтык баллдардын рейтингдик тизмесин азаюу тартибинде түзүү жана жеңүүчүнү (жеңүүчүлөрдү) аныктоо;
– жеңүүчүнү (жеңүүчүлөрдү) таануу боюнча комиссиянын чечимин чыгаруу.
Эгерде бир нече долбоордук өтүнмөлөр бирдей сандагы баллды алса, анда алар конкурска катышуу үчүн документтердин бардык пакетин берген убактысына (хронологиялык ырааттуулугуна) жараша рейтингдик тизмеге киргизилет. Бардык документтер бир убакта берилген учурда бул долбоордук өтүнмөлөрдүн рейтингдик тизмесиндеги ордун аныктоо үчүн комиссия аныктаган тартипте чучукулак өткөрүлөт.
41. Долбоордук өтүнмөлөрдү баалоо жана тандоо үлгү боюнча баалоо барагында көрсөтүлгөн критерийлер боюнча жүргүзүлөт (Жобого 5-тиркеме).
42. Долбоордук өтүнмөлөрдү баалоо долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ишке ашырылат.
43. Жеңүүчү (жеңүүчүлөр) деп таанылган долбоордук өтүнмөлөр боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоордун демилгечилери менен биргеликте долбоордук өтүнмөнү жеткире иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзөт.
8- глава. Конкурсту өткөн жок деп таануу жана конкурсту кайталап өткөрүү
44. Конкурс төмөнкүдөй учурларда өткөн жок деп таанылат:
1) конкурстук өтүнмөлөр жок болсо;
2) бардык конкурстук өтүнмөлөр конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе.
45. Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы конкурс өткөн жок деп таанылган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен конкурсту кайталап жарыялоого милдеттүү.
9- глава. Курулуш иштерин караган долбоордук өтүнмөлөр боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу тартиби
46. Курулуш иштерин караган тандалган долбоордук өтүнмөлөр боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоордун демилгечилери менен биргеликте долбоордук сунуштун курулуш жана башка ченемдерине жана эрежелерине (уруксат берүүчү документтер, техникалык спецификациялар, долбоордук-сметалык документтер) ылайык келишин ырастоочу техникалык документтерди даярдайт.
10- глава. Долбоорлорду каржылоо жана демилге салымдарды чогултуу тартиби
47. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары, жергиликтүү бюджеттердин каражаттары жана демилгечилердин салымдары жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоорлорун каржылоо булагы болуп саналат.
48. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоорлорун мамлекеттик субсидиялоо Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого жана регионду өнүктүрүү фонду менен долбоорду аткаруучунун ортосунда түзүлгөн долбоорду каржылоо жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
49. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоого жергиликтүү кеңештердин чечими менен каралган жергиликтүү бюджеттердин каражаттары бөлүнүшү мүмкүн.
50. Демилгечилердин салымдары конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында киргизилген финансылык, материалдык жана материалдык эмес болушу мүмкүн.
51. Жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоорлорун ишке ашыруу долбоордун демилгечилеринин жана кызыкдар жактардын мүлктүк жана (же) эмгектик катышуусу түрүндө да камсыз кылынышы мүмкүн.
52. Долбоордун демилгечилеринин акчалай түрдөгү салымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын атайын эсебине чегерилет.
53. Долбоордун демилгечилеринин материалдык жана материалдык эмес салымдары иштерди аткаруу планына ылайык долбоорду ишке ашыруу процессинде киргизилет.
11- глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоорлорун ишке ашыруу
54. Жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоорлорун ишке ашыруу мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана долбоорлордун демилгечилери тарабынан жүзөгө ашырылат.
12- глава. Демилге салымдарынын каражаттарын эсептөө, кайтаруу жана башка максаттарга пайдалануу тартиби
55. Эгерде жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоору кандайдыр бир себептер боюнча ишке ашырылбаса же долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча калдык (үнөм) болгон учурда, демилге салымдарынын каражаттары кайтарылып берилүүгө же долбоордун
демилгечилери менен макулдашылгандан кийин башка максаттарга колдонулууга тийиш.
56. Демилге салымын жүзөгө ашырган жактарга (анын ичинде юридикалык жактарга), анын ичинде жергиликтүү бюджетке кайтарылып берилүүгө тийиш болгон демилге салымынын суммасын эсептөө тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук акты, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоору боюнча демилгечи топтун чогулушунун чечими менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
B = Р x О / S, мында: B – кайтарылып берилүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы; Р – жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоорун ишке ашыруу максатында жак (анын ичинде юридикалык жак) тарабынан салынган демилге салымынын суммасы; О – долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча демилге салымдарынын калдыгынын жалпы суммасы; S – долбоорду ишке ашыруу максатында салынган демилге салымдарынын жалпы суммасы.
57. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоорду ишке ашыруу расмий аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде демилге салымынын өздөштүрүлбөгөндүгү жөнүндө же демилге салымынын пайда болгон калдыгы (үнөмү) жөнүндө долбоордун демилгечисине жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
58. Өздөштүрүлбөгөн демилге салымы же демилге салымынын калдыгы (үнөмү) долбоордун демилгечиси менен макулдашуу боюнча:
1) долбоордун демилгечисине кайтарылышы мүмкүн;
2) башка максаттарга колдонулушу мүмкүн.
59. Өздөштүрүлбөгөн демилге салымын же демилге салымынын калдыгын (үнөмүн) кайтаруу арыздын негизинде долбоордун демилгечисинин алыш-бериш эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.
60. Өздөштүрүлбөгөн демилге салымын же демилге салымынын калдыгын (үнөмүн) башка максаттарга колдонуу долбоордун демилгечиси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ортосунда өз ара макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
13- глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
61. Жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Региондорду
өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методиканын талаптарына ылайык регионду өнүктүрүү фондуна жүктөлөт.
62. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоорун аткаруучу катары жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө жобонун талаптарына ылайык долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурууга милдеттүү.
Жергиликтүү коомчулуктун демилге долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн объекттер муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген учурда бул объекттерди кабыл алуу шаар куруу жана муниципалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобого 1- тиркеме
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоого конкурс жөнүндө кулактандыруу
1. Кулактандыруу датасы: 20 жылдын “ ”
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы:
3. Өтүнмөлөр кабыл алына турган жергиликтүү маанидеги маселелер:
4. Конкурска катышуу үчүн конкурстук өтүнмөнү берүү үчүн керектүү документтер:
5. Каржылоонун максималдуу суммасы: сом
6. Конкурсту өткөрүү убактысы жана жери:
7. ЖӨБдүн аткаруу органынын байланыш маалыматтары, анын расмий сайтынын дареги жана ЖӨБ органынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары:
8. Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуунун аяктаган датасы жана убактысы:
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобого 2- тиркеме
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоо боюнча конкурска катышууга арыз
Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар
1
Жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин аталышы
2
Конкурстун катышуучусунун – жеке жактын аты-жөнү Уюмдун – юридикалык жактын аталышы
3
Конкурстун катышуучусунун дареги
4
Конкурстун катышуучусунун телефон/факс номери
5
Конкурстун катышуучусунун электрондук почтасынын дареги (эгер бар болсо)
Тиркемелер:
1)
2)
3)
Конкурстун катышуучусу колу
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобого 3- тиркеме
Жергиликтүү коомчулуктун демилгеси боюнча долбоордук өтүнмө
ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Шаардын/айыл аймагынын аталышы
Долбоордун аталышы
Проблеманы баяндоо Долбоор чечүүгө багытталган, түзүлгөн кырдаалды жана проблемаларды кыскача жана так баяндоо
Долбоордун максаты Долбоордун максаттарын кыскача баяндоо, кандай натыйжаларга жетишүү керек
Долбоордун милдеттери Долбоордун максатына жетүү үчүн зарыл болгон кадамдарды кыскача баяндоо
Демилгечи топтун курамы
Долбоордун болжолдуу узактыгы (айлар, жылдар)
Суралуучу сумманын өлчөмү, миң сом менен
Долбоордун жалпы наркы, миң сом менен, анын ичинде:
– ЖӨБОнун акча каражаттары, миң сом жана долбоордун наркынан % менен
– жергиликтүү коомчулуктун акча каражаттары, миң сом жана
долбоордун наркынан % менен
– төлөнбөгөн өздүк материалдар, миң сом жана долбоордун наркынан % менен
– төлөнбөгөн өздүк транспорт каражаттары (техника, машина ж.б.) миң сом жана долбоордун наркынан % менен
– салымдардын башка түрлөрү, миң сом жана долбоордун наркынан % менен
Долбоордун эсептик наркы, миң сом менен, анын ичинде:
– курулуш иштери
– материалдар
– жабдуулар
– техниканы жана транспортту ижаралоо
– консультациялык, эксперттик жана техникалык кызмат көрсөтүүлөр (бардыгы), алардын ичинен долбоорду жана дизайнды даярдоо, курулушту
контролдоо жана окутуу
– башка чыгымдар (сүрөттөө)
Пайыздык үлүш, анын ичинен акча каражаттары менен (сметанын деталдуу таблицалары акыркы деталдуу бюджет түрүндө тиркелет (Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин
мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме)
Долбоорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо Долбоордун максаттарына, милдеттерине, аткаруу графигине жана бөлүнгөн каражаттарга шайкеш келишин камсыз кылуу үчүн долбоорго мониторинг кантип жана кандай методдор менен жүргүзүлөрүн баяндаңыз
Өнөктөштөр жана алардын долбоордун алкагындагы ролу Долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөр ким экенин көрсөтүңүз, алар долбоорго кандайча тартылат. Кызматташуунун мүнөзүн баяндаңыз
Долбоордон күтүлүүчү натыйжалар
– эмне курулат, оңдолот же сатып алынат;
– долбоордон ким жана кайсы коомчулук топтору пайда алат;
– долбоорду ишке ашыруунун жана иштешинин натыйжасында кырдаал кандай өзгөрөт
Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:
- демилгечи топту түзүү протоколу жана долбоордун демилгечисинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер: паспорттун көчүрмөсү, ишеним каттын көчүрмөсү (зарыл учурда), жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн) жана ыйгарым укуктарын ырастаган башка документтер;
- өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө документтер, алардын
натыйжалары боюнча сунушталган долбоор/долбоорлор жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган;
Долбоордун жетекчиси:
(аты-жөнү, кызмат орду)
(колу, мөөр)
(дата)
1- таблица. Жумуштардын наркын эсептөө
Долбоордун бюджети
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобого 4- тиркеме
№
Иштин түрлөрү
Өлчөө бирдиги
Көлөмү же саны
Бирдик үчүн баа
Жалпы наркы (сом)
Каржылоонун/салымдын булактары
Эскертүү
Суралган сумма
АК
Коомчулук (демилге салымы)
2- таблица. Сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын наркын эсептөө
№
Сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын түрлөрү
Өлчөө бирдиги
Көлөмү же саны
Бирдик үчүн баа
Жалпы наркы (сом)
Каржылоонун/ салымдын булактары
Эскертүү
Суралган сумма
АК
Коомчулук (демилге салымы)
1
Материалдар
2
Жабдуулар
Материалдар жана жабдуулар боюнча жалпы
3- таблица. Техниканы жана автотранспортту ижаралоо наркын эсептөө
№
Ижарага алынуучу техниканын жана автотранспорттун түрлөрү, аткарылуучу жумуштар
Өлчөө бирдиги
Көлөмү же саны
Бирдик үчүн баа
Жалпы наркы (сом)
Каржылоонун/салымдын булактары
Эскертүү
Суралган сумма
АК
Коомчулук (демилге салымы)
1
2
3
4- таблица. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө
№
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн баяндамасы жана чыгымдардын түрлөрү
Убакыт чыгымдары же төлөө шарттары
Күнүмдүк ставка же баа
Жалпы наркы (сом)
Каржылоонун/салымдын булактары
Эскертүү
Суралган сумма
АК
Коомчулук (демилге салымы)
1
Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо
2
Техникалык эксперттин кызмат көрсөтүүлөрү
3
Курулушту көзөмөлдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр
4
Эгер зарыл болсо окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (долбоордо жаңы жабдуулар же технологиялар колдонулган учурда)
Жалпы
5- таблица. Жыйынды бюджет жана каржылоо планы
№
Чыгымдар беренелери
Жалпы бюджет (сом)
Каржылоонун/салымдын булактары
Суралган сумма
АК/мэрия
Коомчулук (демилге салымы)
1
Жумуштардын наркы (1-таблица)
2
Материалдардын наркы (2-таблица – 1-бөлүк)
3
Жабдуулардын наркы (2-таблица – 2-бөлүк)
4
Автотехниканы ижаралоо наркы (3-таблица)
5
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана көзөмөлдүн наркы (4-таблица)
Жалпы инвестициялык чыгымдар:
– анын ичинде коомчулуктардын накталай салымы
– коомчулуктардын акы төлөнбөгөн эмгек салымы
– % катышта
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме
Баалоо баракчасы
Жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин долбоорунун аталышы:
Конкурстук комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү:
№
Баалоо критерийлери
Балл (1ден 5ке чейин)
1
Акысыз эмгекке катышуу, техниканы, курулуш материалдарын берүү аркылуу ошол шаардын/айыл аймагынын жашоочуларынын ыктыярдуу салымдарынын үлүшүнүн, ошондой эле жашоочулар тарабынан ыктыярдуу финансылык төгүмдөрдүн милдеттүү түрдө болушу
2
Долбоор мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана/же акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн каражаттардын эсебинен түзүлгөн объектти өз алдынча кармоо жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат
3
Долбоорду көрсөтүүгө, талкуулоого жана алдын ала тандоого ошол шаардын/айыл аймагынын жашоочуларынын олуттуу үлүшү катышты
4
Долбоорду ишке ашырууга аялдар активдүү катышууда
5
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жумуш орундары түзүлөт (же сакталат)
6
Өздүк салымдын өлчөмү жана (же) кошумча тартылган каражаттардын көлөмү
7
Жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин долбоору калктын корголбогон катмарынын – балдардын, аялдардын, карылардын, ДМЧАнын проблемаларын чечүүгө багытталган
8
Долбоорду ишке ашыруудан оң натыйжаларды алуучу долбоордун максаттуу тобунун өкүлдөрүнүн (жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн) саны
9
Экологиялык кырдаалды жакшыртууга таасир
Баллдын жалпы суммасы:
“ ” Конкурстук комиссиянын Колу Датасы мүчөсүнүн аты-жөнү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 "Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2025 · № 779
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 "2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик…Постановление · 25.09.2024 · № 586