Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 348 «Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 4-декабры ПЖ № 348
Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана реформалоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин республикалык бюджетке төмөнкү которуулар токтотулуп турсун:
– автотранспорт каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттарды;
– автотранспорт каражаттары үчүн энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттарды;
– автотранспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаттарды берүүдөн алынган каражаттарды;
– пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуудан алынган каражаттарды.
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттар 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун атайын эсебине которулат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241