# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 421 "Бишкек-Ош автомобиль жолунда "долбоордук кум коргон" принциби боюнча альтернативдүү тоннелди куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 421 "Бишкек-Ош автомобиль жолунда "долбоордук кум коргон" принциби боюнча альтернативдүү тоннелди куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 727
- Кабыл алынган күнү: 07.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47141/edition/41488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 421 "Бишкек-Ош автомобиль жолунда "долбоордук кум коргон" принциби боюнча альтернативдүү тоннелди куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035291

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 7-ноябры № 727 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 421 "Бишкек – Ош автомобиль жолунда "долбоордук кум коргон" принциби боюнча альтернативдүү тоннелди куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек – Ош автомобиль жолунда альтернативдик туннелди куруу иштерин энергия менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 421 "Бишкек – Ош автомобиль жолунда "долбоордук кум коргон" принциби боюнча альтернативдүү тоннелди куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 3-пункт "кол коюлгандан кийин" деген сөздөрдөн кийин "Каракол батыш жана Сокулук түштүк эки чакан ГЭСин куруу боюнча компонентти камтыган" деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:

"141. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында Каракол батыш жана Сокулук түштүк эки чакан ГЭСин куруу компоненти боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 87 (3743) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
