# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 730 "Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 730 "Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 730
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47139/edition/41475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 730 "Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (10.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035284

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-ноябры № 730

Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү тартибин бекитүү жөнүндө

“Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 11-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 1332-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Чегерүүлөрдүн өлчөмүн, мөөнөттөрүн аныктоо жана отчетту берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 90 (3746) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
