# Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 43/7-29 "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 43/7-29 "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43/7-29
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230035263/edition/41447/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 43/7-29 "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамын аткаруу жөнүндө" токтому (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035263

---

СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 5-сентябры №43/7-29 Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Сын-Таш айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:

- жумушчу күндөрү (иш күндөрү) саат 22:00дөн 07:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынсын;

- эс алуу жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин;

- өзгөчө учур – 31-декабрдан 1-январга караган түнү – саат 04:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилет.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин:

- калк арасында, диний уюмдарда, кафелерде, ресторандарда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, этика жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Ш.Кучкачев
