# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 542 "Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 542 "Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230035260/edition/41446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 542 "Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыгы (18.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035260

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 18-ноябры № 322

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 542 "Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо функциясын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 542 "Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- 9, 10-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык отчеттордун, эсептөөлөрдүн, декларациялардын, документтердин, кабарлоолордун, маалыматтардын, маалыматтык эсептөөлөрдүн, патенттердин, контракттардын, арыздардын, чечимдердин, корутундулардын, актылардын формаларын, аларды кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө толтуруу, түзүү жана/же берүү тартибин бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү;

10) мамлекеттик контролдоону (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу органды аныктоо:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын;

- Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогунда жайгашкан автомобилдик өткөрүү пункттарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;";

- 11, 12, 13-пунктчаларда "Финансы министрлигине" деген сөздөр "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
