# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 160 "№ 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 160 "№ 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4021/edition/41429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-ноябрындагы № 160 "№ 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (29.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035248

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 29-ноябры № 160

№ 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө" 2025-жылдын 3-октябрындагы № 90 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 18-тиркемедеги № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына:

- Юней Гульнур Аскарбековна берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- Арыков Джодарбек Досматович комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Шайназаров
