# Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 69 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 69 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47116/edition/41392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 69 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому (10.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035229

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын10-сентябры № 69 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 26-августундагы №38 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобонун II бөлүмүндөгү 12-пункттун 1-пунктчасы жокко чыгарылып, мындан ары төмөнкүдөй мазмунда окулсун:

– эмгек китепчесинин, допломунун, сиңирген эмгегин тастыктаган башка документтердин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, ведомстволук сыйлыктары ж.б.) көчүрмөлөрү (эгерде иштеген болсо иштеген жеринен, же болбосо Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча комиссиянын катчысы тарабынан документтер түп нускалары менен жеринде текшерилип, андан кийин ыйгарым укуктуу кызматкердин колу, фамилиясын жана инициалдарын, датасын, мамлекеттик органдын/мекеменин аталышын көрсөтүү менен көчүрмөгө “Көчүрмө туура” деген штамп коюлуусу зарыл).

2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

Төрага:

Б.Т. Баетов
