# Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна 8-тиркеме)

- Толук аталышы: Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна 8-тиркеме)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 739
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230035218/edition/41383/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна 8-тиркеме) (29.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035218

---

|  |  | 8-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |

Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалыматтар базасы жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү, жаңылоо, сактоо жана ага жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.

2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) юридикалык жактын бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жактын менчик укугуна ээлик кылган же Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жакты контролдогон жеке жак (жеке жактар), чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү);

2) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;

3) коомдук кызмат адамдары - төмөнкү жеке жактардын бири:

- чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);

- улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;

- эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);

4) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.

Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.

## 2-глава. Юридикалык жактын бенефициардык ээсин белгилөө тартиби

3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жак, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтардын негизинде ушул Жобонун 17-пунктунда каралган маалыматтарды толтуруу, анын ичинде электрондук форматта толтуруу жолу менен өз бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды түзөт.

Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат ал түзүлгөн датадан тартып ушул юридикалык жак катталган (жайгашкан) жерде беш жылдан кем эмес сакталат.

4. Эгерде юридикалык жактын уюштуруучусу же катышуучулары бир же бир нече башка юридикалык жак болуп саналса, юридикалык жак акыркы бенефициардык ээсин белгилөө үчүн акылга сыярлык жана жеткиликтүү чараларды көрөт.

5. Юридикалык жак ушул юридикалык жактын уюштуруучулары же катышуучулары болуп саналган же башкача жол менен ушул юридикалык жакты контролдогон жеке жана юридикалык жактардан өзүнүн бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды сурайт.

Аталган жеке жана юридикалык жактар ушул юридикалык жакка бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды берет.

6. Ушул Жобонун 3, 4 жана 5-пункттарында каралган ченемдер төмөнкү юридикалык жактарга жайылтылбайт:

1) мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын карамагында турган мекемелер, ошондой эле мамлекеттик ишканалар же мекемелер;

2) дипломатиялык өкүлчүлүктөр, чет мамлекеттердин консулдук жана башка мекемелери, эл аралык уюмдар.

7. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого жана Бенефициардык ээсинин анкетасынын типтүү формасына ылайык алынган маалыматтардын негизинде юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтарды белгилейт жана электрондук форматта жазат.

8. Акционерлер реестрин кармоочулар юридикалык жактын акционерлер реестрин түзүүгө жана жаңылап турууга, ошондой эле аталган реестрди ал түзүлгөн датадан тартып акционерлер реестрин ушул кармоочу катталган (болгон) жерде беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.

## 3-глава. Маалыматтар базасын түзүү тартиби

9. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы (мындан ары - маалыматтар базасы) ушул Жобого ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт.

10. Маалыматтар базасы мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген юридикалык жактардан, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарынан (өкүлчүлүктөрүнөн), финансылык мекемелерден жана финансылык эмес категориядагы жактардан, ошондой эле келишимдерге ылайык алынган юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин коммерциялык маалыматтар базасынан алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт.

11. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) өздөрүнүн бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды же өздөрүнүн бенефициардык ээлерин аныктоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.

12. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө колдо болгон жана документ менен ырасталган маалыматтарды (бенефициардык ээлеринин анкеталары), анын ичинде электрондук түрдө корголгон байланыш каналдары боюнча кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүлгөн датадан тартып же бенефициардык ээлери жөнүндө мурда берилген маалыматтарда өзгөртүүлөр аныкталган учурдан тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына берет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Акционерлер реестрин кармоочулар акционерлер реестринен маалыматтарды финансылык чалгындоо органынын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.

14. Ушул Жобонун 11-13-пункттарында аталган жактар суралган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук форматта финансылык чалгындоо органына бере алат.

15. Финансылык чалгындоо органы тарабынан алынган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар дароо маалыматтар базасына киргизилет.

151. Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсинин анкетасынын электрондук формасында маалыматтар базасынын түзүмүндө (ушул Жобонун 4-главасында) каралган "Маалыматтарды берүү жөнүндө кызматтык маалымат" бөлүмүн толтурууга милдеттүү. Аталган бөлүм милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш жана берилүүчү маалыматтардын статусун аныктоо, ошондой эле ушул Жобонун 12-пунктунда каралган мөөнөттөрдү эсептөө үчүн колдонулат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Финансылык чалгындоо органы маалыматтар базасындагы маалыматтарды ай сайын жаңылоону, сактоону жана купуялуулугун камсыз кылат.

## 4-глава. Маалыматтар базасынын түзүмү

17. Маалыматтар базасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

| № | Маалыматтар | Толтуруу тартиби (эскертүү) |
| --- | --- | --- |
| 1. Маалыматтарды берүү жөнүндө кызматтык маалымат |  |  |
| 1 | Берилүүчү маалыматтардын статусу (керектүүсүнүн алдын сызуу же бөлүп көрсөтүү) | Талаптагыдай текшерүүнүн натыйжалары боюнча алгачкы жолу берүү. Мурда берилген маалыматтарды жаңылоо |
| 2 | Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүлгөн дата | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (алгачкы жолу берүүдө толтурулат) |
| 3 | Мурда берилген маалыматтарда өзгөртүүлөр аныкталган дата | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (маалыматтарды жаңылоодо толтурулат) |
| 4 | Маалыматтарды жаңылоо үчүн негиз | Өзгөртүүлөрдүн мүнөзүн кыскача сыпаттоо (бенефициардын алмашуусу, үлүштүн өзгөрүшү, паспорттук маалыматтардын жаңыланышы ж.б.) |
| 2. Юридикалык жак жөнүндө негизги маалымат |  |  |
| 5 | Мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган (бар болсо) фирмалык аталышы |  |
| 6 | Каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйруктун датасы жана номери |  |
| 7 | Баштапкы мамлекеттик каттоонун датасы (бар болсо) |  |
| 8 | Уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчигинин формасы |  |
| 9 | Юридикалык жакты түзүү ыкмасы (түзүү же кайра уюштуруу) |  |
| 10 | Каттоо номери |  |
| 11 | Идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) |  |
| 12 | Ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификаторунун коду (мындан ары - ИУЖК) |  |
| 13 | Юридикалык дареги |  |
| 14 | Иш жүзүндөгү дареги |  |
| 15 | Юридикалык жактын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар |  |
| 16 | Жетекчи жөнүндө маалыматтар |  |
| 17 | Чет өлкөлүк катышуу жөнүндө маалыматтар |  |
| 18 | Юридикалык жактын ишинин негизги түрү жөнүндө маалыматтар |  |
| 3. Бенефициардык ээси жөнүндө жалпы маалыматтар |  |  |
| 19 | Жеке жакты бенефициардык ээси деп таануу критерийи (керектүүсүн бөлүп көрсөтүү) |  |
| Юридикалык жактын 25 жана андан көп пайызына ээлик кылуу аркылуу контролдоо |  |  |
| 1) жеке жак соңку жыйынтыгында түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардарга - юридикалык жакка ээлик кылат же контролду жүзөгө ашырат же кардардын - юридикалык жактын уставдык капиталында кардардын - юридикалык жактын капиталына же активдерине ээлик кылуу (башкаруу) артыкчылыктарын пайдаланат (көбүрөөк катышат (25 жана андан көп пайыз) же кардардын - юридикалык жактын добуш берилүүчү акцияларынын жалпы санынын 25 жана андан көп пайызына ээлик кылат | кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган учурда бардык өз ара байланыштар тизмеги толук көрсөтүлөт |  |
| Башка каражаттардын жардамы менен контролдоо |  |  |
| 2) жеке жак кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоосуна түз же кыйыр таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ | келишимдин номери, датасы, предмети жана колдонуу мөөнөтү, ошондой эле башка маанилүү шарттар көрсөтүлөт |  |
| 3) жеке жак юридикалык жактагы добуш берүү укуктарынын көпчүлүгүн контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ | бул контроль кандай жол менен жана кайсы адамдар аркылуу жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт |  |
| 4) жеке жак юридикалык жактын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн же ушул сыяктуу кызмат адамдарын дайындоо же бошотуу мүмкүнчүлүгүнө же укугуна ээ | бул контроль кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана кандай инструменттердин жардамы менен жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт |  |
| 5) жеке жак юридикалык жактын менчик үлүшүнө байланышкан тиешелүү вето укуктарына же чечимдерди кабыл алуу укуктарына ээ | бул контроль кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана кандай инструменттердин жардамы менен жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт |  |
| 6) жеке жак юридикалык жактын пайдасын бөлүштүрүү же активдерин которуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ | бул контроль кандай жол менен, кайсы адамдар аркылуу жана кандай инструменттердин жардамы менен жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт |  |
| 7) жеке жак менчик ээлери, мүчөлөрү же юридикалык жактар менен түзүлгөн расмий же расмий эмес макулдашуулар, уставдын жоболору, өнөктөштүк макулдашуулар, синдикация жөнүндө макулдашуулар же ошолорго барабар документтер же макулдашуулар аркылуу (юридикалык жактын конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө жана добуш берүү тартибине жараша) контроль жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ | кайсы келишимдер жана макулдашуулар аркылуу, кайсы жактар менен кандай шарттарда контроль жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт |  |
| 8) жеке жак туугандык же үй-бүлөлүк мамилелер аркылуу контроль жүргүзөт | кайсы туугандары (адамдары) аркылуу жана кандай шарттарда контроль жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт |  |
| 9) жеке жак формалдуу же формалдуу эмес макулдашууларды пайдалануу жолу менен контроль жүргүзөт | кайсы адамдар аркылуу жана кандай шарттарда контроль жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт |  |
| Трасттын бенефициарлары |  |  |
| 10) жеке жак соңку жыйынтыгында юридикалык түзүлүшкө ээлик кылат же контроль жүргүзөт, анын ичинде юридикалык түзүлүшкө түздөн-түз контроль жүргүзгөн адамдар | контролдун мүнөзү жана адамдардын тизмеги көрсөтүлөт |  |
| 11) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишенимдүү адамынын (мүлктү трастка өткөрүп берген адам) ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт |  |
| 12) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн ишенимдүү менчик ээсинин (башкаруучусунун) ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт |  |
| 13) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн камкорчусу ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт |  |
| 14) жеке жак трасттын же башка юридикалык түзүлүштүн бенефициары ролунда чыгат | адамдын идентификациялык маалыматтары көрсөтүлөт |  |
| Контролдоонун башка ыкмалары |  |  |
| 15) жеке жак кардардын аракеттерин башка ыкма менен контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ | адамдын кардардын аракеттерин мындай контролдоо мүмкүнчүлүгүнө эмне себептен ээ экендиги толук көрсөтүлөт (кардардын түшүндүрмөсү) |  |
| Ээлеген позициясы аркылуу контролдоо |  |  |
| 16) жеке жак юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардарды - юридикалык жакты башкарат (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруу контролун жүргүзгөн же финансылык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алган адам) | ээлеген кызмат ордунун так аталышы жана ыйгарым укуктарынын көлөмү көрсөтүлөт |  |
| 17) контролдоонун башка факторлору (кардардын каалоосу боюнча) | өзгөчө факторлор сыпатталат |  |
| 4. Бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтар |  |  |
| 20 | Бенефициардык ээси катышуучусу (акционери) болуп саналган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүш (% менен) | % менен көрсөтүлөт |
| 21 | Бенефициардык ээсинин статусу (керектүүсүн бөлүп көрсөтүү) | резидент; резидент эмес |
| 22 | Фамилиясы |  |
| 23 | Аты |  |
| 24 | Атасынын аты (бар болсо) |  |
| 25 | Туулган датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт |
| 26 | Туулган жери | Документте маалыматтар болсо толтурулат |
| 27 | Улуту | Арыз ээсинин каалоосу боюнча же документте болсо толтурулат |
| 28 | Жынысы |  |
| 29 | Жарандыгы |  |
| 30 | Үй-бүлөлүк абалы |  |
| 31 | Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин реквизиттери |  |
| Документтин аталышы |  |  |
| Документтин сериясы жана номери |  |  |
| Документтин берилген датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт |  |
| Документтин колдонуу мөөнөтү аяктаган дата | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт |  |
| Документти берген органдын аталышы |  |  |
| Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |  |  |
| Идентификациялык жеке номери (ИЖН) | 14 белгиден турган санариптик код |  |
| 32 | Катталган жеринин дареги | Документке ылайык көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, (район, калктуу конуш), көчө, үй, корпус, батир |
| 33 | Иш жүзүндө жашаган (турган) жеринин дареги | Көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, (район, калктуу конуш), көчө, үй, корпус, батир |
| 34 | Бенефициардык ээсинин байланыш маалыматтары |  |
| Телефондорунун номерлери (иш, мобилдик) |  |  |
| Факстын номери (бар болсо) |  |  |
| Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |  |  |
| 35 | Банктык эсептеринин номерлери |  |
| 36 | Коомдук кызмат адамынын (ККА) статусу (керектүүсүн белгилөө) | ооба; жок |
| 37 | Коомдук кызмат адамынын (ККА) үй-бүлө мүчөсүнүн же жакын адамынын статусу (керектүүсүн белгилөө) | ооба; жок. "ооба" вариантын тандаган учурда туугандык даражасы көрсөтүлөт: жубайы, балдары, атасы, энеси, чоң атасы, чоң энеси, неберелери, байке-инилери, эже-сиңдилери же башка |
| 38 | Коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналган бенефициардык ээси жөнүндө кошумча маалыматтар |  |
| Ээлеген (мурда ээлеген) кызмат орду | 36 же 37-пункттарда оң жооп болгон учурда толтурулат |  |
| Кызмат ордуна дайындалган датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (бар болсо) |  |
| Кызмат ордунан бошотулган датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ форматында көрсөтүлөт (бар болсо) |  |

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)

## 5-глава. Маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартиби

18. Маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгү кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - пайдалануучулар) берилет.

Лицензиялоо жана рынокко киргизүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар бенефициардык ээлеринин кемчиликсиз ишкердик аброюн текшерүү жана менчиктин жашыруун түзүмдөрүн аныктоо максатында маалыматтар базасынан маалыматтарды пайдаланат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүн алуу жана колдонуу тартиби финансылык чалгындоо органы менен маалымат базасын колдонуучунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.

20. Маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү криптографиялык шифрлөөнү колдонуу менен байланыштын корголгон каналдары боюнча жүзөгө ашырылат.

21. Маалыматтар базасын колдонуучулар маалымат базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана санкцияланбаган жетүүдөн коргоону камсыз кылат жана үчүнчү жактарга берүү үчүн жоопкерчилик тартат.

22. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалыматтар базасынан маалыматтарды берүү эл аралык суроо-талаптын негизинде жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

## 6-глава. Корутунду жоболор

23. Юридикалык жактын иши токтотулган учурда анын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө тиешелүү буйругу чыгарылган датадан тартып маалыматтар базасында беш жыл бою сакталууга тийиш.

24. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жак, чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалы (өкүлчүлүгү) ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып беш айдын ичинде ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыздоого милдеттүү.

25. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып беш айдын ичинде бенефициардык ээлери жөнүндөгү маалыматтарды электрондук форматта белгилөө жана жазуу бөлүгүндөгү ушул Жобонун талаптарын аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.

26. Финансылык чалгындоо органы маалыматтар базасында камтылган маалыматтардын колдонулушун контролдоону, ошондой эле ушул Жобону аткаруу маселелери боюнча жеке же юридикалык жактардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат.
