# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР 2025-жылдын 5-ноябры № 132 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР 2025-жылдын 5-ноябры № 132 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4013/edition/41375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР 2025-жылдын 5-ноябры № 132 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому (05.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035212

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-ноябры № 132

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын чегинен жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (2025-жылдын 3-ноябрындагы № 13-025/22360, 2025-жылдын 5-ноябрындагы 13-025/22571) сунуштарынын, № 24 округдук шайлоо комиссиясынын (2025-жылдын 4, 5-ноябрындагы № 4/2, № 5/1) чечимдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтому менен бекитилген "Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 13-1-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу үчүн № 24 округдук шайлоо комиссиясынын чечимдерине ылайык түзүлгөн 3 шайлоо участкасы бекитилсин (тиркелет).

2. № 24 округдук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитсин.

3. № 24 округдук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиялары түзүүдө мурдагы шайлоолордо жана референдумдарда комиссиялардын курамдарын эске алуу сунушталсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана № 24 округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т.Шайназаров

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 132 токтому менен бекитилген

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүү үчүн түзүлгөн шайлоо участокторунун ТИЗМЕСИ

№

Өлкө/шаар

УШК №

Шаар, дипломатиялык өкүлчүлүк, дарек

1

Алматы

9065

"Egemen compani" курулуш компаниясынын "Достык" турак-жай комплексинин административдик имараты (Алматы ш., Северное кольцо шоссеси, 92/10)

2

Тараз ш.

9066

Тараз ш., Толеби пр., 23б, "Дом дружбы" КЭА

3

Шымкент ш.

9067

Шымкент ш., Желтоксан көч., 9/4, "Дом дружбы" КЭА
