# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025 –жылдын 14-мартындагы № 01-3/29 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын I-кварталында аткарылган иштери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025 –жылдын 14-мартындагы № 01-3/29 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын I-кварталында аткарылган иштери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-3/29
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47108/edition/41370/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025 –жылдын 14-мартындагы № 01-3/29 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын I-кварталында аткарылган иштери тууралуу" токтому (14.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035207

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025 –жылдын 14-марты № 01-3/29

Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын I-кварталында аткарылган иштери тууралуу

Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025 жылдын I -кварталында аткарылган иштери тууралуу маалыматын угуп жана жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы корутундусун талкуулап сессия,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2025-жылдын I-кварталында аткарылган иштери тууралуу маалыматы эске алынсын.

2. Нарзан айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адисине:

- укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.

- балдардын укуктарын жана кызыкчылыгын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө квартал сайын Нарзан айылдык кеңешке маалымат берип турсун.

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Т.К. Кулжанов
