# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябры № 129 "Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябры № 129 "Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4009/edition/41339/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-ноябры № 129 "Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (01.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035182

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 1-ноябры № 129

Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, жүргүзүү жана эсепке алуу тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8, 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 "Шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү тутуму жөнүндө Жобо тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-июлундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын тизмеси маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 29-августундагы № 664 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтому менен бекитилген Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 1-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 4 пункту.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т.Шайназаров
