# Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 49/X "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 49/X "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49/X
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230035164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-47084/edition/41322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230035164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жайылма айыл аймагынын Жайылма айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-сентябрындагы № 49/X "Кыргыз Республикасынын "Тынчтык жөнүндө" Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтому (04.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230035164

---

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кезексиз сессия 2025-жылдын 4-сентябры № 49/X Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө» №54 Жарлыгын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, талкуулап жана пикир алмашып, Жайылма айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайылма айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:

- жумушчу күндөрү (иш күндөрү) саат 22:00дөн 07:00 чейин ашык ызы-чуу чыгарууга тыюу салынсын;

- эс алуу жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин;

- өзгөчө учур - 31-декабрдан 1-январга караган түнү - саат 04:00гө чейин уруксат берилет.

2. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айыл башчылары милдеттендирилсин:

- калк арасында, диний уюмдарда, кафелерде, ресторандарда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын талаптары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

- мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыгы күчөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайылма айылдык кеңешинин социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.

Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы

К. М. Жонгучкаев
